Кореядагы эл аралык маданият музейде кыргыз бурчу ачылды

Корея Республикасынын Сеул шаарындагы эл аралык маданият музейинде кыргыз бурчу ачылды. Мындай демилге Кыргыз өлкөсү менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30-жылдыгын белгилөөнүн алкагында ишке ашырылды. Бул туурасында Кыргыз мамлекетинин Кореядагы элчилигинен кабарлашты. Ачылыш аземге Кыргыз өлкөсүнүн элчиси Динара Кемелова жана эл аралык маданият музейинин директору Ким Юн Тэ катышты.… Кененирээк…

Кыргыз футболдук союзу логотибин алмаштырды

Кыргыз футболдук союзу жаңы логотибин жарыялады. Жаңыланган логотиптин түшүндүрмөсү КФСнин расмий сайтына жарыяланды.   «Логотиптеги тоо шумкары эркиндикти жана ылдамдыкты чагылдырып, ал топ менен куюлушуп, оюн талаасында анын таамай жана тез учуу сезимин жаратат. Шумкар кыргыз футболунун эрдигин, тайманбастыгын жана кыраакылыгын туюлтат. Шумкар менен топ… Кененирээк…

Парламенттин эки фракциясы Лейлекте көчмө жыйын өткөрүүдө

Жогорку Кеңештин «Ишеним» жана «Ынтымак» фракциялары Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында көчмө жыйын өткөрүүдө. Жыйында Баткен облусунун өзгөчө макамы жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышы, өткөн жылдын апрель айынын соңундагы куралдуу жаңжалдан кийин кайра калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү талкууланып жатат.   Бул тууралуу «Азаттыктын» аймактагы кабарчысы жеринен… Кененирээк…

Бишкектин “Рухий-Мурас” конушунда жаңы мектеп пайда болот

Бишкектин “Рухий-Мурас” конушунда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылгандай, жалпы билим берүү мекемесин курууга республикалык бюджеттен 203 миллион сомдон ашык бөлүнөт.   Тендерди мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.

Кыргызстанда “Жашыл ипотека” долбоорун ишке киргизилет

Кыргызстанда “Жашыл ипотека” долбоорун ишке киргизилет. Министрлер кабинети бул программаны үстүбүздөгү жылдын апрель-июнь айларында ишке киргизүүнү пландап жатат.   Мындай демилге Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүү улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планда жазылган. Долбоорду «Мамлекеттик ипотекалык компания» аркылуу ишке ашыруу каралууда.   Бул максатта Германия… Кененирээк…

Пекинде Кышкы Олимпиада оюндары ачылды

4-февралда Пекин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.   Пандемиялык шартка байланыштуу Олимп оюндарынын иш-чаралары спортчулар менен жергиликтүү тургундар менен карым-катыш кылуусуна чектөө коюлду. Аэропорт, спорт объектилеринде, пресс-борборлор жана олимпиадалык айылдар да тосмолонгон.… Кененирээк…