Бишкекте “Тазалык” ишканасынын белгиси түшүрүлгөн жаңы урналар коюлат

Бишкекте “Тазалык” ишканасынын белгиси түшүрүлгөн жаңы урналар коюлат. Мэриянын маалыматына ылайык, алар алгач Ахунбаев көчөсүндө пайда болот. Биринчи этапта 40 таштанды челек жасалган.   Алар 25-августта жогоруда айтылган көчөнү бойлой орнотулат. Акырындык менен жөнөкөй урналарды заманбап жана ыңгайлууларына алмаштыруу пландалууда.

Жумушсуз катары расмий каттоодон өткөндөр Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддогу  каражатын колдоно алат

Жумушсуз катары расмий каттоодон өткөндөр Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддогу  каражатын колдоно алат. Соцфонддон билдиришкендей, жарандардын бул категориясы 3 айдын аралыгында жашоо минимумунан ашпай турган сумманы алууга укуктуу.   Кененирээк маалымат алуу үчүн Социалдык фонддун аймактык башкармалыгына кайрылуу керек.

Кыргызстан мектептери кийинки жылдан тартып 12 жылдык билим берүүгө өтөт

Кыргызстан мектептери кийинки жылдан тартып 12 жылдык билим берүүгө өтөт.   Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, ага чейин окуу стандарты өзгөртүлөт.   Андан тышкары, окуучулар үчүн программа бир аз жеңилдетилет, ал эми биринчи, экинчи класстын окуучуларына баа коюлбайт. Эске салсак, мектептерди… Кененирээк…

Россиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыкта  каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келинди

Россиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыкта  каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келинди. Учак Ош аба майданына келип конду. Буга чейин   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн даярдалган жүк ташуучу учак Ульяновск шаарына эртең менен учуп кеткенин кабарлаган.   Эске салсак, 21-августта Ульяновск… Кененирээк…

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине жаңы ректор дайындалды

Төлөбек Абдырахманов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.   Билдирүүгө ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.   Буга чейин Төлөбек Абдырахманов Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору болгон. Ал эми Кыргыз улуттук университетинин ректору кызматын Канат Садыков ээлеп… Кененирээк…

Канатбек Азиз Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды

Канатбек Азиз президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.   «Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Канатбек Азиз президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Элчи Кадыркулов кыргызстандыктарды Украинадан убактылуу чыгып кетүүгө чакырды

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов кыргызстандыктарды кырдаал толук турукташканга чейин бул өлкөдөн убактылуу чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу элчи өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Украина бийлигинин сунуштарына байланыштуу кыргызстандыктарды Киев шаарынын борборунан, эл көп чогулган жерлерден, ошондой эле Украинанын аскердик жана административдик мекемелеринен оолак болууга… Кененирээк…

Жалал-Абадда «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын кызматкери кармалды

Жалал-Абад шаарындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган ишкананын калкты тейлөө борборунун кызматкери, 1981-жылы туулган С.Б.Б. кыргыз паспортун мыйзамсыз берүү, пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган.   «Ал жашы жете элек балдарга 2021-жылдын… Кененирээк…

Ульяновсктун губернатору жол кырсыгынын болжолдуу себебин айтты

Россиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгынын болжолдуу себеби аталды. Бул тууралуу аталган облустун губернатору Алексей Русскихге шилтеме берүү менен орус басылмалары жазышты.   Маалыматка ылайык, 16 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына алдын ала маалыматтар боюнча, жүк ташуучу унаанын айдоочусунун жүрөк оорусу кармап калгандыгы себеп болушу мүмкүн.… Кененирээк…

Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата жасалгаланып баштады

Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата жасалгаланып баштады. Андагы баннерлерде өлкөнүн тарыхый инсандарын көрүүгө болот.   Арасында алгачкы кыргыз агартуучу Ишеналы Арабаев, жазуучу, коомдук ишмер – Түгөлбай Сыдыкбеков, биринчи кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиев, Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев, тарыхый инсан – Ормон хан жана саясий ишмер… Кененирээк…