Кышкы олимпиадада медалдардын саны боюнча Кытай алдыга чыкты

Кышкы олимпиадада медалдардын саны боюнча Кытай алдыга чыкты.   Анын капчыгында 3 алтын, 2 күмүш медаль бар.   Экинчи орунда 3 алтын, 1 коло менен Швеция келе жатса, үчүнчүдө 2 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медаль менен Россия курамасы келатат.   Белгилеп кетсек, Пекинде… Кененирээк…

Кайра шайлоого катышып жаткан талапкерлердин бюллетендеги катар номерлери аныкталды

Бишкектеги кайра шайлоого катышып жаткан талапкерлердин бюллетендеги катар номерлери аныкталды.   БШКдан билдиришкендей, талапкерлер арасында чүчү кулак тартылып, шайлоо бюллетендеги номерлери белгилүү болду.   Биринчи май жана Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

Бишкекте «Түндүк» райондук электр тармагы ачылды

Бишкекте “Түндүк электр” ишканасынын жаңы Түндүк райондук электр тармактары ачылды.   Компаниянын басма сөз кызматынан маалым болгондой, өнөр жай объектилеринин, жаңы конуштардын пайда болушу, орто жана чакан бизнес инфраструктураларынын өнүгүшү менен ордо калаанын түндүк тарабында абоненттердин сааны өсүүдө.   Буга байланыштуу жаңы ишкана куруу зарылчылыгы… Кененирээк…

Кыргызстан Өзбекстандан электр энергиясын алып бүттү

Кыргызстан Өзбекстандан электр энергиясын алып бүттү.   “Азаттык” энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраевге таянып жазгандай, товар алмашуу жолу менен 700 миллион кВт/саат электр энергиясын берүү токтотулду.   Маалыматка ылайык, Казакстандан алына турган 900 миллион кВт/саат жарыктын 120 миллион кВт/сааты гана калды.   Ал ушул… Кененирээк…

Жалал-Абадда аз камсыз үй-бүлөлөргө ун таратылды

Жалал-Абадда аз камсыз үй-бүлөлөргө ун таратылды.   Шаардык мэриядан маалым болгондой, аймакта каттоодо турган 2 миң 282 үй-бүлөгө бир мүшөктөн ун берилди.   Белгилеп кетсек, мамлекеттик материалдык резервдер фонду Жалал-Абад облусу боюнча жалпысынан 3 миң тоннадан ашык ун таратат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында өтөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрдын аягында Түркиянын Изник шаарында өтөт. Учурда уюштуруу иштери башталды.   Иш-чарага 74 мамлекеттен 2 миң 50 спортчунун катышуусу күтүлүүдө, — деп билдирди Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Султан Раев.   Ачылыш жана жабылыш аземдерине Түркиянын эң мыкты режиссерлору, сценаристтери… Кененирээк…

Жазында Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор туруктуу аба каттамы ачылышы күтүлүүдө

  Жазында Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор туруктуу аба каттамы ачылышы күтүлүүдө.   Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын мартында жумасына бир жолу каттаган түз туруктуу аба каттамды ачуу пландалууда.   Дипломатиялык өкүлчүлүктөн белгилешкендей, эгер коронавирустук инфекция боюнча кырдаал жакшырса, каттамдардын санын көбөйтүлөт.   Эске салсак, эки өлкөнүн… Кененирээк…

Алай районунда 90 орундуу бала-бакча курулат

Алай районунда 90 орундуу бала-бакча курулат. Бул тууралуу бизге жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Маалыматка ылайык, имаратка жалпысынан 30 миллион сомдон ашык керектелет.   Гүлчө айылындагы буга чейинки бала бакча 60 орунга ылайыкташып, соңку учурда бөбөктөр батпай калган.

Ноокатта көмүр казган ишкана ачылды

Ноокатта көмүр казган ишкана ачылды.   Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, Көк-Жар айыл аймагында күнүнө 150-200 тонна көмүр казылат.   Ишкана жоокерчилиги чектелген коом тарабынан түптөлүп, 23 миллион сомдун тегерегинде жумшалды.   Кошумчалай кетсек, сезондо бул жерде 35-40 адам жумуш менен камсыз болот.

Алайда 90 орундуу бала бакча пайдаланууга берилет

Алайда 90 орундуу бала бакча пайдаланууга берилет.   Бизге жергиликтүү бийликтен кабарлашкандай, Жошолу айыл өкмөтүндөгү имараттын курулушу учурда 80 пайызга аяктады.   Куруу иштери 4 жыл мурун башталган мектепке чейинки билим берүүчү мекемеге жалпысынан 30 миллион сомдон ашык сарпталды.