Кыргызстанда 40тан ашык мамлекеттик лаборатория санариптик форматка өттү

Кыргызстанда 40тан ашык мамлекеттик лаборатория санариптик форматка өттү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жарандар https://ilab.med.kg/ порталы аркылуу өздөрүнүн лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын онлайн ала алышат. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын алуу үчүн https://ilab.med.kg/ шилтемеси аркылуу өтүп, андан соң «Анализдердин натыйжалары» дегенди тандап, PIN, паспорттун серия жана номерин толтуруңуз,… Кененирээк…

Акжол Махмудов Азиянын эки жолку чемпиону аталды

Акжол Махмудов Азиянын эки жолку чемпиону аталды. Дүйнөлүк күрөш уюмунун маалыматына караганда, ал Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту. Финалда кыргызстандык балбан казакстандык Максат Ережеповго каршы күчүн сынап, 3:1 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда биздин спортчу түштүк кореялык Олимпиада чемпиону Ким Хён… Кененирээк…

Аксыда архитектура кызматынын жаңы имараты курула баштады

Аксыда архитектура кызматынын жаңы имараты курула баштады. Бизге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы райондук архитектура кызматынын имараты эки кабаттуу, заманбап болот. Аны курууга жалпы 8 миллион сомго жакын бөлүндү. Анын 4 миллиону райондун өнүктүрүү фондунан, калган сумма мекеменин жеке салыгынын эсебинен каржыланууда. Белгилеп… Кененирээк…

Кыргызстандыктар Россияга учак менен гана бара алат

Кыргызстандыктар Россияга учак менен гана бара алат. Өлкөнүн аталган мамлекеттеги элчилигинен билдиришкендей, Россия кыргызстандыктардын көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу кирүүсүнө чектөөнү ала элек. Эске салсак, Чек ара кызматы 11-апрелден тарта Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө чектөөлөрдү жойгонун билдирген. Анда эки тараптын жарандарынан паспорт, терс ПЦР-тест жана COVID-19га каршы… Кененирээк…

Ош шаарында 100дөн ашуун бала-бакча жетишсиз

Ош шаарында 100дөн ашуун бала-бакча жетишсиз. Бизге шаардык мэриядан такташкандай, шаардагы балдардын бала бакчага баруусун 100 пайыз камтуу үчүн 250 орунга ылайыкталган 106 мектепке чейинки мекеме куруу керек. Маалыматка ылайык, быйыл түштүк калаада 3 бала бакчанын курулушу башталат. Эки мектепке чейинки мекемеге кошумча корпус курулат.… Кененирээк…

Бишкек мэриясы Кыргызстанда жасалган автобустарды азырынча сатып ала албайт

Бишкек мэриясы Кыргызстанда жасалган автобустарды азырынча сатып ала албайт. Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев мунун себебин унаанын баасынын кымбаттыгы жана сапатына сертификаттын жоктугу менен байланыштырды. Ишканадан расмий кат келди. 500 даанадан өйдө алсаңар дүң баа боюнча 178 миң 500 евродон бергенге даярбыз, аткаруу мөөнөтү 12… Кененирээк…

“Ак-тилекте” оор жүк ташыган унаалардын тыгыны жоюла элек

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-тилек” өткөрмө бекетинде оор жүк ташыган унаалардын тыгыны жоюла элек. Novosti.kgге Чек ара кызматынан такташкандай, учурга карата 200дөн ашуун машине кезекте турат. Маалыматка ылайык, тыгындын себеби казак тараптын чек арачылары унааларды улам токтотуп коюп жатканы менен байланыштуу. Кошумчаласак, унаалардын узун кезеги «Ак-Тилектин»… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында быйыл эки бала-бакча курулат

Жалал-Абад шаарында быйыл 2 бала-бакча курулат. Novosti.kgге шаардык мэриядан такташкандай, Тайгараев айылындагы бакча 50 орун, Төш-Кутчу айылындагы 100 орунга чакталат. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.

Быйыл өлкөдө суу тартыштыгы болбойт

Быйыл өлкөдө суу тартыштыгы болбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев ишендирди. Ал ошондой эле Казакстан менен чек арадагы суу бөлүштүрүүчү системага орнотулган суунун деңгээлин өлчөөчү приборлор иштен чыкканын билдирди. Бирок учурда казак тарап менен техникаларды калыбына келтирүү боюнча… Кененирээк…

Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндөгү жыйым киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндөгү жыйым киргизилиши мүмкүн. Санариптик өнүктүрүү министрлиги тиешелүү токтомду коомдук талкууга койду. Документте смартфондор 30 күндүн ичинде каттоодон өтпөсө, аппарат уюлдук оператордун кызматтарына кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылары айтылат. Идентификациялоо системасы киргизилген дүйнө мамлекеттери өлкө рыногун контрафакттык продукциядан, ал эми… Кененирээк…