Ош облусунун Кара-Суу районундагы оорукананын курулушу уланууда

Ош облусунун Кара-Суу районундагы оорукананын курулушу уланууда. Курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, учурда объектинин чатыры жабылып, электромонтаждоо, ички жана тышкы жасалгалоо жумуштары, терезелер, жылытуу системасы, өрт өчүрүү сигнализациясы орнотулуп, полдорун бетондоо жумуштары аткарылды. Иштер 2017-жылы башталган, медициналык мекеменин курулушун ушул ноябрда бүтүрүү пландалууда.

Кыргызстанда мектеп курагына чейин балдардын 25 пайызы гана бала бакчага барат

Кыргызстанда мектеп курагына чейин балдардын 25 пайызы гана бала бакчага барат. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча, буга андагы орундар жетишсиз экенин Улуттук статистика комитети жарыялады. 2019-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 100 орунга Бишкекте 177, Ош шаарында 161 жана Ысык-Көл облусунда 131 бала туура келген. Ал… Кененирээк…

Кыргызстанда «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын жаңыланган версиясы сунушталды

Кыргызстанда «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын жаңыланган версиясы сунушталды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, Өзгөртүүлөргө ылайык, каржылоонун көлөмү көбөйтүлүп, ислам принциптери боюнча насыя берүү механизмдерин киргизүү сунушталууда. Программанын жаңыланган версиясында финансылык ресурстарды тартуунун шарттарына жараша ипотекалык насыялардын мөөнөтүн узартуу, пенсиянын топтоочу бөлүгүн кредиттин алгачкы төлөмүнө… Кененирээк…

Кыргызстанда эпидемиологиялык абалдын начарлашына жол берилбеш керек

Кыргызстанда эпидемиологиялык абалдын начарлашына жол берилбеш керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында тиешелүү органдарга берди. Ага ылайык, Баткен, Ош облустарындагы жана Бишкектеги жарандар арасында коронавирус жана пневмония көп катталууда. Мындан тышкары, соцтармактарда жарыяланган сүрөт жана видеодон, саясий партиялардын эл менен жолугушууларында бет… Кененирээк…