Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын курамына өткөрүлүп берилди

Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) курамына өткөрүлдү. Тиешелүү токтомго президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 14-ноябрда билдирди. Ага ылайык, бул чечим чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу,… Кененирээк…

2021-жылы бюджеттин тартыштыгы 7 миллиард сом болот

Кыргыз өкмөтү 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 163 млрд. 26 млн. сом, чыгаша 170 млрд. 64 млн. сом ал эми тартыштык 7 млрд. сом болот деп болжоп жатат. Бул тууралуу 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «2021-жылдын бюджети жана 2022-2023-жылдарга карата божомолу тууралуу» мыйзамдын… Кененирээк…

11 миңден ашык жер тилке мыйзамдаштырылат

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров айыл чарбасында колдонууга жараксыз, сугат жерлерине бөлүнгөн аянттарга үй курган жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.   Жапаров 4-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»… Кененирээк…

Баткенде быйыл күздүк эгин эки миң гектарга көп себилүүдө

Баткен облусунда былтыркы жылга салыштырганда быйыл күздүк эгин эки миң гектарга көп себилүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук бийликтин басма сөз кызматы кабарлады.   Келерки жылдын түшүмү үчүн 6991 гектарга күздүк эгүү пландаштырылып, бүгүнкү күндө жумуш 60% аткарылды. Анын ичинен 3977 гектарга буудай, 143 гектарга арпа… Кененирээк…

Акин Токталиев Дин иштери боюнча комиссияга жетекчи болду

Укук коргоочу Акин Токталиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда «Азаттык» радиосуна президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, президенттин милдетин аткаруучунун Токталиевди дайындоо тууралуу… Кененирээк…

Садыр Жапаров рекорд койгон манасчы Дөөлөт Сыдыковду кабыл алды

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Бишкекте «Манас» айтып рекорд койгон манасчы Дөөлөт Сыдыков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.   Анда айтылгандай, Жапаров Сыдыковдун чыгармачылыгына баа берип, өнөрүн жогору баалады.   «Кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарынын улуу дөөлөтү — бул «Манас» эпосу.… Кененирээк…

Президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга жалпысынан 35 киши арыз берди

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 13-ноябрь түштөн кийин Турсунбек Жумабеков, Имамидин Ташов, Ербол Токтогулов, Карагач Исмаилова, Марат Кайыпов, Турсунбай Бакир уулу жана Курсан Асанов арыз берди. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалды.   Бул күнү түшкө чейин талапкерликке Анар… Кененирээк…

Тоолуу Карабакты миңдеген адамдар таштай качты

Армениянын бийлиги сентябрь айында Азербайжан менен куралдуу кагылыш башталгандан тартып талаштуу Тоолуу Карабак аймагын 90 миңдей адам таштай качканын билдирди. Бул аймакты жалпысынан 150 миңге чукул адам байырлап келген. Тоолуу Карабактын борбору Степанакерттин тургундарынын көбү Армения, Азербайжан жана Орусия согушту токтотуу тууралуу 9-ноябрда макулдашууга кол… Кененирээк…

Президенттик шайлоолорго талапкерлерден арыз кабыл алуу бүгүн токтотулат

Президенттик шайлоолорго талапкерлерден арыз кабыл алуу бүгүн токтотулат. БШКдан билдиришкендей, учурга карата өлкөнүн башкы постуна 33 адам талапкерлигин жылдырды.   Талапкерлерди каттоо 14-декабрга чейин созулат, андан кийин үгүт кампаниясы старт алат. Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 2021-жылдын 10-январында өтөт.