Синоптиктер күздүн биринчи айында аба-ырайы кандай боло турганын айтып беришти

Синоптиктер күздүн биринчи айында аба-ырайы кандай боло турганын айтып беришти. Сентябрга божомолдорду Кыргызгидромет түздү. Ага ылайык, өлкөнүн түндүгүндө күндүз термометр мамычалары +30, түнкүсү +12 градусту көрсөтөт.   Түштүктө болсо күндүз күн 34 градуска чейин ысыса, түнкүсүн 19 градус жылыйт. Сентябрда жаан-чачын норманын тегерегинде болушу күтүлөт.

Быйыл өлкө мектептеринде салттуу линейка болбойт

Быйыл өлкө мектептеринде салттуу линейка болбойт. Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, күтүлгөндөй, биринчи коңгуроо онлайн форматта кагылат.   Учурда ведомство бул иш-чараны өткөрүүнүн бир нече варианттарын карап жатат. Эске салсак, быйыл биринчи класска 156 миң 430… Кененирээк…

Кыргызстанда алдыдагы жылуулук сезонуна кызуу даярдыктар көрүлүүдө

Кыргызстанда алдыдагы жылуулук сезонуна кызуу даярдыктар көрүлүүдө.   Энергетика жана өндүрүш мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдун айтымында, учурда көмүрдү жеткирүүгө келишимдер түзүлүп жатат.   Күзгө карата жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары кара отунду сатуу түйүндөрүн ачат. Ошондой эле, Бишкек, Ош ЖЭБине көмүр жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.… Кененирээк…

Америкада тургун кассирдин тилин алып, джекпоттун ээси болду

Америкада тургун кассирдин тилин алып, джекпоттун ээси болду. Эркек оюнга катышып, лотерея билетин сатып алган. Аны дүкөндүн сатуучусу өзү тандап берген. Кардар ошол эле жерден лотереяны текшерип, жарым миллион доллардын ээси болгонун билет.   Эми ал акчасынын бир бөлүгүн жакындары менен бөлүшүп, калганына бизнес ачуу… Кененирээк…

Дарыгерлердин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти

Дарыгерлердин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, пансионатта ден-соолугун 7 күн бою 202 медицина кызматкери чыңдап келет.   Алар Бишкектин жана башка аймактардын дарыгерлери. Ведомстводон белгилешкендей, Ысык-Көлгө вирустун очогунда иштегендер жөнөтүлүп жатат.

Бишкекте эртең дагы 4 күндүзгү стационар ишин тогктотот

Бишкекте эртең дагы 4 күндүзгү стационар ишин тогктотот. Мындай чечим ордо калаада эпидемиологиялык абал жакшырганына байланыштуу кабыл алынды, — дешти мэриядан.   Медициналык жабдуулар, керебеттер жана башка буюмдар сактоочу жайга киргизилет. Жарандарды Спорт ордосундагы дарылоо базасы  жана 12-кичи райондогу күнү-түнү иштөөчү стационар тейлейт.

Аргентинада Ковид төрөлдү

Аргентинада Ковид төрөлдү. Ата-эне жарык дүйнөгө келген баласына дал ушундай ысымды ыйгарышты. Алардын пикиринде, кыйын заманда төрөлгөн наристе кийин дагы кыйын, күчтүү бала болуп чоңоет.   Үй-бүлөнүн туугандары бул ысымды жылуу кабыл алса, төрөт үйүнүн кызматкерлери жана башка жарандар ат жаман элес калтырып, бала өмүр… Кененирээк…

Бишкекте №19 мектептин кошумча корпусун куруу аягына чыгып калды

Бишкекте №19 мектептин кошумча корпусун куруу аягына чыгып калды. Мэриянын маалыматына ылайык, имарат 85 пайызга даяр. Күтүлгөндөй, жаңы корпус 198 окуучуга эсептелген.   Анда бий ийримдери үчүн, класстан тышкаркы сабактар үчүн бөлмөлөр, китепкана жайгашат. Долбоордун жалпы баасы 45 миллион сомду түзөт.

Мектеп окуучулары үчүн 1 миңден ашык видео сабактар тартылды

Мектеп окуучулары үчүн 1 миңден ашык видео сабактар тартылды. Бул тууралуу мектепке чейинки, мектеп жана андан тышкаркы билим берүү башкармалыгынын начальниги Марат Үсөналиев билдирди.   Анын айтымында, иштерге буга чейин атайын даярдыктан өткөн 200дөй мугалим тартылды. Буга чейин айтылганда, мектептер кадимки окуу форматына өтүп калса,… Кененирээк…

Бишкек мэриясы партияларга ордо калаа аймагында съезддерин өткөрүүгө уруксат берди

Бишкек мэриясы партияларга ордо калаа аймагында съезддерин өткөрүүгө уруксат берди. Бирок саясий уюмдар санитардык нормаларды сакташы керек. Алсак, бир эле учурда 100дөн ашык адамды чогултуу болбойт.   Съезддер өтө турган имараттын кире беришинде адамдардын дене табы өлчөнүп, санитайзерлер коюлушу шарт. Адамдар бири биринен 2 метр… Кененирээк…