Аялдарда ак чачтын эрте пайда болушунун себептери аталды

Аялдарда ак чачтын эрте пайда болушунун себептери аталды. Адистердин айтымында, буга жалпы абал жана генетика гана эмес, чачтын сырткы таасири да болушу мүмкүн. Бул учурда, негизги каталар туура эмес кам көрүү, башкача айтканда, кургак шампундарды колдонуу болуп саналат. Чачтын эрте агарып кетүүсүнөн витаминдерди колдонуп, ошондой… Кененирээк…

Бишкекте жыл ичинде батирлер орточо эсеп менен дээрлик 16,5 пайызга кымбаттады

Бишкекте жыл ичинде, өткөн жылдын июль айынан ушул жылдын июлуна чейин батирлер орточо эсеп менен дээрлик 16,5 пайызга кымбаттады. Жер ресурстары кызматынын маалыматына караганда, өсүш ордо калаанын төрт районунда тең байкалды. Ошол эле учурда чарчы метрге баа эң көп Свердлов районунда – 21 пайызга жогорулады.… Кененирээк…

“Санарип көчмөн” макамын ыйгаруу боюнча убактылуу жобо бекиди

Өкмөт республикага көчүп келген чет элдик адистерге “Санарип көчмөн” макамын ыйгаруу боюнча убактылуу жобону бекитти. Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул статус Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Россиянын жарандарына Кыргызстанда каттоосуз жана ишке орношууга уруксатсыз жашоого мүмкүндүк берет.

“Камбар-Ата 1” ГЭСин куруунун баасы эки эсеге кымбаттады

“Камбар-Ата 1” ГЭСин куруунун баасы эки эсе кымбаттады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, 2014-жылы техникалык-экономикалык негиздеме боюнча курулуш иштери 3 миллиард долларга бааланган, бирок андан бери материалдар кыйла кымбаттады. Чиновник белгилегендей, учурда ГЭСти курууга 6 миллиард долларга жакын каражат керектелет.… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде чектөө алынды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде жарандар жана унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, пункт учурда кадимки тартипте иштеп жатат. Эске салсак, “Ак-Жол” бекетинде бүгүн түшкү саат 3төн 6га чейин унааларды жана адамдарды өткөрүү убактылуу токтотулган. Мунун… Кененирээк…

Бишкекте көрктөндүрүү иштери уланууда

Бишкекте көрктөндүрүү иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, ордо калаада жол инфраструктурасын оңдоо, жол белгилерин чийүү жана көчөлөрдөгү жол белгилерин орнотуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Азыркы тапта курулуш иштери Абрахманов көчөсү менен Тыныстанов көчөсүнүн аралыгында жүрүүдө. Ошондой эле Айтиев көчөсүндө жайгашкан аялдаманын капиталдык оңдоо иштери… Кененирээк…

Эгемендүүлүк күнүндө Чуңкурчакка 40 миңден ашык адам барды

Эгемендүүлүк күнүндө Аламүдүн районундагы жайлоого 40 миңден ашык адам барды. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 10 миңден ашык унаа келген. Жарандардын тартибин жана коопсуздугун бир нече миң милиция кызматкерлери камсыздаганы белгиленди. Кошумчаласак, майрам тынч өттү.

Ош шаарында 8,7 миңден ашык окуучу биринчи класска барды

Ош шаарында быйыл 8 миң 720 окуучу биринчи класска барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилеп кетсек, учурда Ош шаарында төрт мектептин курулушу жүрүп жатат, анын ичинен бирөө аяктоо алдында турат. Эки мектепке кошумча имарат жана үч бала бакча курулууда. Ош шаарында жалпысынан… Кененирээк…

Баткенде жаңы окуу жылына карата беш мектеп, үч бала бакча ачылды

Баткенде жаңы окуу жылына карата беш мектеп, үч бала бакча ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектептер Самаркандек, Үч-Дөбө, Кара-Токой, Сай, Ноогардан айылдарында жайгашкан. Ал эми бала бакчалар Ак-Сай, Максат жана Интернационал айылындарында ачылды.

Бишкектен Пакистандын Лахор шаарына авиакаттам ачылды

Ата мекендик авиакомпания Бишкек-Лахор-Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам аткара баштады. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун» басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учак 30-августта Пакистандын эң ири шаарларынын бирине конду. Белгиленгендей аталган багыт боюнча туруктуу каттам биринчи жолу ачылып жатат. Учуулар жумасына бир жолу –… Кененирээк…