Жалал-Абад облусунун жер көчкү жүрүү коркунучу бар тилкесине 6,5 миңге жакын көчөт отургузулду

Жалал-Абад облусунун жер көчкү жүрүү коркунучу бар тилкесине 6,5 миңге жакын көчөт отургузулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер кыртышын бекемдөө максатында Аксы жана Сузак районунун кооптуу жети гектар жерине жаңгак, өрүк, кара жыгачтын көчөттөрү тигилди. Белгилеп кетсек, Жалал-Абад облусунда көчкү жүрүүчү аймактын 30 пайызы калктуу… Кененирээк…

Бириккен Араб Эмирлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Бириккен Араб Эмирлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Ага ылайык, өлкөнүн улуттук авиакомпаниясынын учагы бүгүн, эл аралык «Манас» аэропортуна конду. Медициналык дары-дармектер жана жеке коргонуучу каржаттар түрүндөгү гуманитардык жардам өлкөдө коронавирус менен күрөшүүгө багытталат.

Стамбулдан учуп келген бир жүргүнчүдөн COVID-19 аныкталды

Стамбулдан учуп келген бир жүргүнчүдөн COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда, бейтап менен байланышта болгон жаран обсервацияга алынды. Калган жүргүнчүлөрдөн да тест алынган. Анализдин жыйынтыгы таза чыккандан кийин алар үй карантинине жиберилди. Эске салсак, Түркиядан келе албай жаткан мекендештер чартердик каттам менен 17-апрелде өлкөгө… Кененирээк…

Ошто буудай былтыркыдан 900 гектарга көп эгилди

Ошто буудай былтыркыдан 900 гектарга көп эгилди. Өкмөттүн облустагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдиргендей, бийлик тарабынан тамак-аш коопсуздугун камсыздоо тапшырмасы берилген. Сугат иштери боюнча боюнча маселе болбойт. “Папан” жана “Найман” суу сактагычтарындагы суунун көлөмү жетиштүү, учурда каналдарда оңдоо, тазалоо иштери жүрүп жатат. Андан кийин кезеги менен… Кененирээк…

Нарын облусунда очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунда очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, зилзала бүгүн, түштө Нарын районунун Достук айылында үч балл, Куланак, Жан-Булак айылдарында эки жарым баллга чейин сезилди. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.  

Калктын айрым катмары коронавируска анализди бекер тапшыра алат

Калктын айрым катмары коронавируска анализди бекер тапшыра алат. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, жакынкы арада COVID-19 вирусуна карата каалоочулар үчүн текшерүү башталат. Эске салсак, өлкөдөгү лабораториялардын бири мамлекеттик вирусологиялык лаборатория менен иш алып барат. Бир жолку тесттин орточо баасы эки миң сомдун… Кененирээк…

Май айында кыргызстандыктар беш күн эс алат

Май айында кыргызстандыктар беш күн эс алат. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришкендей, өлкөдө 1-майдан 5ине чейин дем алыш деп жарыяланды. Эгер карантин 30-апрелде аяктаса, мамлекеттик органдардын кызматкерлери алтынчы майда жумушка киришет. Ведомстводон белгилешкендей, эс алуу күндөрүн жылдыруу жөнүндө токтом жыл башында кабыл алынган.

Пенсия жана жөлөк пулду банкоматтан карта аркылуу алуучулар комиссия төлөбөйт

Пенсия жана жөлөк пулду банкоматтан карта аркылуу алуучулар комиссия төлөбөйт. Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы филиалынын жетекчиси Хусейн Акимбеков билдиргендей, банкоматтар акча менен өз убагында толтурулуп жатат жана алардын үзгүлтүксүз иштөөсү көзөмөлдөнүүдө. Ал эми Бюджеттик мекемелердин кызматкерлери айлыктарын мурдагыдай эле ала беришет. Алыскы айылдар тургундарына жакынкы… Кененирээк…

Россиядан буудайдын экинчи партиясы Кыргызстанга жеткирилди

Россиядан буудайдын экинчи партиясы Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бул жолу 760 тонна дан эгини алынып келинди. Жакынкы күндөрү өлкө аймагына дагы төрт миң тоннага жакын буудай келээри күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, буга чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россиядагы азык-түлүк… Кененирээк…

Кыргызстанда 45 медицина кызматкери коронавирустан айыкты

Кыргызстанда 45 медицина кызматкери коронавирустан айыкты. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, республикада 16 дарыгер, 18 орто жана 11 кенже медицина кызматкери вируска кабылган. Алардын жалпы саны 162ни түзөт. Кошумчаласак, өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 631 адамга жетсе, анын 302си айыкты. Жети бейтап… Кененирээк…