Бишкектеги 46 мектепте жайкы лагерлер ачылат

Бишкектеги 46 мектепте жайкы лагерлер ачылат. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери мэриянын билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте мектеп лагерлеринде балдардын жайкы эс алуусу кандай уюштурулуп жаткандыгын текшерди. Ведомстводон маалымдашкандай, №25, 42, 57 мектептер текшерилди. «Жалпысынан Бишкек шаарындагы 46 мектепте лагерлерди ачуу пландаштырылууда, 38 мектепте… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы июнь айынын аягында белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы июнь айынын аягында белгилүү болот. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 24-июндан 4-июлга чейин бүтүрүүчүлөргө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен сертификаттар тапшырылат. Эске салсак, ЖРТ май айынын аягында өттү. Тест гранттык орундарга да, контракттык окуу формасына да… Кененирээк…

Кыргызстандын мектептеринде жаңы окуу жылынан тарта “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети киргизилет

Кыргызстандын мектептеринде жаңы окуу жылынан тарта “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети киргизилет. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, 2022–23-окуу жылынан баштап менчигинин түрүнө жана формасына карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын окуучулары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети базистик окуу планына киргизилет. Ал… Кененирээк…

Кыргызстанда чиновниктерге чет элдик банктарда эсеп ачууга жана акча сактоого тыюу салынышы мүмкүн

Кыргызстанда чиновниктерге чет элдик банктарда эсеп ачууга жана акча сактоого тыюу салынышы мүмкүн. Мындай норма “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунда камтылган. Экономика министрлиги иштеп чыккан документте мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдарга бир катар чектөөлөрдү киргизүү сунушталууда. Тактап айтканда, чиновниктер кызматтык абалынан пайдаланып,… Кененирээк…

Министрлер кабинети мүлк сатып алууда накталай төлөмдөргө тыюу салууну сунуштоодо

Министрлер кабинети мүлк сатып алууда накталай төлөмдөргө тыюу салууну сунуштоодо. Маалыматка ылайык, чектөө — баасы 100 миң сомдон ашкан мүлктү сатып алууда колдонулушу күтүлүп жатат. Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекованын айтымында, накталай эмес эсептешүү эрежесин сактабаган адамдарга нотариалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. Документ кабыл… Кененирээк…

Кыргызстанда 140тан ашык саламаттык сактоо уюму санариптик башкарууга өттү

Кыргызстанда 140тан ашык саламаттык сактоо уюму санариптик башкарууга өттү. Саламаттык сактоо миистрлигинин маалыматына караганда, бул жаатта жалпысынан 350дөн ашык жооптуу кызматкерлер окутулду. Белгиленгендей, бул системаны колдонуу тармактын жетекчилигине ар бир саламаттыкты сактоо уюмунун ресурстары жана штаттык саны жөнүндө керектүү маалыматты тез арада онлайн режиминде алууга… Кененирээк…

Ноокатта 160 орундуу тигүү цехи ачылды

Ноокатта 160 орундуу тигүү цехи ачылды. Novosti.kgге президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ишкана ички инвестор тарабынан пайдаланууга берилди. Көк-Жар айыл өкмөтүндө жайгашкан тигүү цехте даярдалган продукция Россияга экспорттолот. Кошумчаласак, өндүрүшкө 145 миң доллар сарпталды.

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы кыш чыгаруучу завод ачылды

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы кыш чыгаруучу завод ачылды. Бизге президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн такташкандай, ишканага Көк-Жар айыл өкмөтү 5 гектар жер бөлүп берген. Анда күнүнө 20 миң кыш чыгат. Өндүрүшкө жалпысынан 7 миллион сом жумшалды. Учурда бул жерде 50гө чукул жергиликтүү тургун эмгектенүүдө.

Мюнхенде экологиялык арена курулат

Мюнхенде экологиялык арена курулат. Объект күн батареялары менен жабдылат, алар чатырда жана анын айланасында жайгашат. Иштеп чыгуучулар курулуш мезгилинде да, эксплуатациялоодо да “экологиялык бейтараптуулукту” сактоо пландалып жатканын белгилешет. Мунун баары аренанын айлана-чөйрөгө жана шаар мейкиндигине жагымсыз таасирин азайтууга жардам берет.

Мүлктү уурулардан коргоо үчүн Ички иштер министрлиги бир нече жөнөкөй эрежелерди сунуштайт

Жайкы эс алуулар башталып, жарандар көп учурда үйүндө болбой калышы мүмкүн. Мындай учурда мүлктү уурулардан коргоо үчүн Ички иштер министрлиги бир нече жөнөкөй эрежелерди сактоону сунуштайт. Маселен, үйдөн чыгаар алдында бардык эшик, терезелерди бекем жаап, видео байкоо орнотуу, такыр болбой калса муляж жабдуулардын болушу каракчыны… Кененирээк…