ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе эми дүйнөнүн эң кымбат болчусу эмес

ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе эми дүйнөнүн эң кымбат болчусу эмес.   Андан “Манчестер Ситинин” чабуулчусу Эрлинг Холанд ашып өттү. Холанддын трансфердик баасы 170 миллион еврого жетти, ал эми Мбаппеники – 160 миллион.   Дүйнөнүн эң кымбат футболчуларынын үчилтигин мадриддик “Реалдын” чабуулчусу Винисиус Жуниор бекитет –… Кененирээк…

Кыргызстанда кийинки жылы 15 медициналык жай курулат

Кыргызстанда кийинки жылы 15 медициналык жай курулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков билдирди. Анын айтымында, бул көп профилдүү жайлар болот, аларда стационарлар, акушердик түйүндөр жана үй-бүлөлүк медициналык борборлор жайгашат.   Имараттар өлкөнүн бардык аймактарында орун алганы менен, артыкчылык чек арага жакын… Кененирээк…

Бишкек мэриясы уруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу ниетинде

Бишкек мэриясы уруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу ниетинде. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Нурлан Орунтаев билдирди. Анын айтымында, учурга карата шаардын 4 районунда 9,5 миңден ашык тиешелүү уруксаты жок курулган үйлөр бар.   Алардын жарымы документтештирүүгө жатат. Калган курулуштар кайтаруу аймактарында жайгашкан.   Акчабар агенттигинин маалыматына… Кененирээк…

Кыргызстан өзбекстандыктар арасында популярдуу туристтик багыттар рейтингинде биринчи орунга чыкты

Кыргызстан өзбекстандыктар арасында популярдуу туристтик багыттар рейтингинде биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн статистика боюнча мамлекеттик комитети маалымдайт.   Ага ылайык, ушул жылдын январь айынан октябрга чейин чет мамлекеттерге Өзбекстандын 4 миллион жараны эс алуга жетишти. Анын ичинен дээрлик 2 миллиону өргүүсүн Кыргызстанда өткөрдү.… Кененирээк…

Кыргызстандыктар катары менен 4 күн эс алат

Кыргызстандыктар катары менен 4 күн эс алат. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, 7-8-ноябрда өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет.   Быйыл майрамдар дүйшөмбү жана шейшембиге туш келгендиктен, 5 күндүк график менне иштеген кыргызстандыктан 5-ноябрдан сегизине чейин эс алат.

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алууга жалпы республикалык тестирлөөнү Бишкек жана Ошто гана тапшырса болот

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алууга жалпы республикалык тестирлөөнү Бишкек жана Ошто гана тапшырса болот. Бул тууралуу 24 агенттигине Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   Анын айтымында, 3 тест борборун ачуу пландалууда. Учурга карата 945 адамдан арыз келип түштү. Бирок… Кененирээк…

Санкт-Петербург бийлиги Бишкектин өнүгүшүнө жардам берүүгө даяр

Санкт-Петербург калаасынын бийлиги Бишкек мэриясына жол кыймылын башкаруу жана уюштуруу жаатында жардам берүүгө даяр. Бул туурасында Санкт-Петербург шаарынын Тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Сергей Марков билдирди. Ал Бишкек менен Санкт-Петербург шаарларынын кызматташуусуна арналып Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан. Марков Бишкек… Кененирээк…

Баласы түнкүсүн көчөдө кароосуз жүргөндөрдү ата-энелик укуктан ажыратуу сунушталууда

Кыргызстанда балдары түнкүсүн кароосуз жүргөн ата-энелерди аталык жана энелик укуктан ажыратуу же чектөө сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы иштеп чыккан мыйзам долбоору 4-ноябрда коомдук талкууга коюлду.   Долбоорго ылайык, эгер балдары жайкысын түнкү 11ден, ал эми жылдын башка мезгилинде түнкү 10дон таңкы 6га… Кененирээк…

Нью-Йоркто жакында ири марафон өтөт

Нью-Йоркто жакында ири марафон өтөт. Жарыш ноябрдын биринчи жекшембисинде өтүп, ага кесипкөй спортчулар жана жөн гана чуркаганды жакшы көргөндөр катышат.   Быйыл 2020-жылкы коронавирус пандемиясынан кийин марафон биринчи жолу салттуу форматта уюштурулуп жатат. Жарышка 50 миңден ашык киши катышары күтүлүүдө.   Алар мегаполистин 5 району… Кененирээк…

Базар-Коргон районунда жаңы мектеп пайда болот

Базар-Коргон районунда жаңы мектеп пайда болот. Тендерди аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.Мектеп Карача айылында  курулуп, 275 окуучуга чакталат.   Жаңы имаратты салууга 106 миллион сом бөлүндү. Долбоордун алкагында окуу корпусу толугу менен жаңыртылат, бирок спорт залдын курулушу каралган эмес.