Нарында ири логистикалык борбордун курулушу башталды
Нарында ири логистикалык борбордун курулушу башталды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы «Ат-Башы» индустриялык соода логистикалык борборунун пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Долбоор кыргыз-кытай мамлекеттеринин достук мамилесинин натыйжасында ишке ашууда. Күтүлгөндөй, анда 10 миң жумуш орду түзүлүп, 90 пайызы кыргызстандыктарга берилет.