Италияда деңиз жээгиндеги үйлөр болгону 1 еврого сатылууда

Италияда деңиз жээгиндеги үйлөр болгону 1 еврого сатылууда. Жергиликтүү бийлик турак-жайлар фондун каттоого алып, 600дөн ашык үй кароосуз калганын аныктады.   Ошол себептен, аларды арзан баада эле сатыкка чыгаруу чечими кабыл алынды. Жаңы ээлери 3 жыл ичинде турак-жайларды оңдошу керек. Андан кийин же жашаса болот,… Кененирээк…

Бишкек чет элдиктер үчүн дүйнөдөгү эң арзан шаар

Бишкек чет элдиктер үчүн дүйнөдөгү эң арзан шаар. Америкалык компания түзгөн рейтингде эң кымбат шаар Ашхабад.   Андан кийин Гонконг, Бейрут, Токио, Цюрих, Сингапур, Женева  калаалары турат. Биздин ордо калаа тизмеде эң арзан шаарлардын катарына кирип, 209-орунда жайгашат.   Жалпысынан 209 шаар камтылган тизме турак… Кененирээк…

Жөө жүрүүчүлөр дагы жолду туура эмес жерден өтсө, айыпка тартылат

Жөө жүрүүчүлөр дагы жолду туура эмес жерден өтсө, айыпка тартылат. Айы пулдун көлөмү 1 миң сомду түзөт, — деп ордо калаа Ички иштер башкармалыгынан эскертишти.   Андан белгилешкендей, ушундай эле административдик чара  велосипед менен жүргөндөргө тиешелүү. Ошондой эле, маршруттук таксилерден ой келди жерден түшүүгө болбойт.

Мамлекет тарабынан кепилденген бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук кандуу жүргүзүлөт

Мамлекет тарабынан кепилденген бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук кандуу жүргүзүлөт. Буга министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов ишендирди.   Анын айтымында, быйыл көптөгөн пландагы жок чыгашалар болду, алар бюджетке кошумча жүк арттырды. Андыктан, профилдик мамлекеттик органдардын жетекчилиги мыйзам чегинде каралган иш-чараларды аткарышы керек.  … Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус жуккандар төрт штамм менен катталууда

Кыргызстанда 2021-жылдын март-апрель айларында коронавирустун төрт штаммы катталган. Алар индиялык, британиялык, орусиялык жана түштүк-африкалык штаммдар. Андан бери COVID-19 түрлөрүн аныктоо жаатында изилдөө жүрө элек.   Жаңы штаммдарды аныктоого Кыргызстандын өзүндө мүмкүнчүлүк жок. Изилдөөлөрдүн тыянагы Лондондогу лабораторияда ырасталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин… Кененирээк…

Дарыгерлер аптаптуу ысыкта энергия бере турган азыктарды атады

Дарыгерлер аптаптуу ысыкта энергия бере турган азыктарды атады. Сунуштарга ылайык, жайкысын кофе-чайдан такыр эле баш тартуу оң. Анткени, алар организмдеги нымдуулукту чыгарып салат.   Этке бай бирок ошол эле учурда оор тамактарды жебей, тандоону жеңил, жемиштүү тамак-ашка берүү керек. Жакшы абалда болуу үчүн көп-көптөн кыймылдап… Кененирээк…

Бийлик Орто Чүй каналын курууну пландап жатат

Бийлик Орто Чүй каналын курууну пландап жатат. Бул тууралуу Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, жалпы инвестициясы 30 миллиард сомго жеткен объекттин курулушу боюнча чечим кабыл алынды.   Эске салсак, быйыл Чүй облусунда сугат суусу жетишсиз болууда.

Президент УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын  жоюу ниетин жарыялады

Президент УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын  жоюу ниетин жарыялады.   Бул тууралуу бизнес-өкүлчүлүк менен жолугушууда белгилүү болду.   Садыр Жапаров укук коргоо органдарын ишкерлерге карата козгогон кылмыш иштери үчүн сындап, көптөгөн арыздардан кийин Каржы полициясы жоюлуп кеткендигин эске салды. Бул чечим бизнести колдоо үчүн кабыл алынды… Кененирээк…

Бишкекте жакынкы күндөрү аварияларды алдын алуу боюнча рейддер өткөрүлөт

Бишкекте жакынкы күндөрү аварияларды алдын алуу боюнча рейддер өткөрүлөт.   Кайгуул милиция кызматынын маалыматына ылайык, текшерүүлөрдүн алкагында мас абалында унаа башкарган айдоочулар жана жол эрежелерине баш ийбегендер аныкталат.   Башкармалыктан белгилешкендей, жыл башынан бери  1 миңден ашык жол кырсыгы катталды.   Алардын басымдуусу айдоочу маданиятынын… Кененирээк…

Талас облусунда бала бакчаларды жабуу чечими кабыл алынды

Талас облусунда бала бакчаларды жабуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу облустук жугуштуу ооруларды алдын алуу  жана санэпидем көзөмөл борборунун жетекчиси Чолпон Сагындыкова билдирди.   Анын айтымында, мындай чечим аймактагы оор эпидемиологиялык абалдан улам кабыл алынды. Балдар 1-июлга чейин каникулга жөнөтүлдү.