Бишкекте жумушсуз жарандар акысыз айдоочулук курстарга кабыл алынат
Бишкекте жумушсуз жарандар акысыз айдоочулук курстарга кабыл алынат. Шаардык ишке орноштуруу башкармалыгынан билдиришкендей, эмгек рыногунда айдоочуларга суроо-талап көп. Алар таксист гана эмес, соода агенти, курьер болуп да иштей алышат. Курстарга жазылуу үчүн жарандар райондук жумушсуздарды каттоо бөлүмүнө кайрылуулары керек.