Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлерге чач жана тырмагын боегонго кайрадан тыюу салынды

Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлерге чач жана тырмагын боегонго кайрадан тыюу салынды. Бийлик аял кызматкерлердин кийим-кечесине, кебете-келбетине байланыштуу талапты дагы күчөттү. Эми бардык бюджеттик мекемелерде иштеген, анын ичинде мугалимдер мындан ары чачын боёп, жасалма кирпик такканга, тырмагын боёп, узартууга болбойт. Ошондой эле сулуулук салондоруна буга байланыштуу эскертүү… Кененирээк…

Нарын облусунда да бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынды

Нарын облусунда да бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу  Нарын шаары жана Ат-Башы району боюнча комендант Уланбек Аалиев билдирет. Анын айтымында, чектөөлөр боюнча билим берүү мекемелерине тапшырмалар берилди. Буга чейин Ошто да 10 жана 20 жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынган.

Өзгөчө абал режими узартылгандан кийин айрым мекемелердин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт

Өзгөчө абал режими узартылгандан кийин айрым мекемелердин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Президент аппаратынын маалыматына ылайык, уруксат бериле турган объектилердин тизмеси түзүлөт. Мындан улам кыймылга тоскоолдук жаратпоо максатында, санитардык-карантиндик посттордун саны кыскартылат. Муну менен катар айрым эрежелер өзгөртүлбөйт. Массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт, жогорку окуу жай, мектептер аралыктан окутууну… Кененирээк…

Токиодо олимпиада оюндары кийинки жылы да өтпөй калышы ыктымал

Токиодо олимпиада оюндары кийинки жылы да өтпөй калышы ыктымал. Дүйнө пандемияны жеңбесе, вакцина табылбаса оюндар дагы бир жылга жылышы ыктымал экенин Уюштуруу комитетинин башчысы Йоширо Мори билдирди. Токиодо өтчү жайкы Олимпиада оюндары коронавирустан улам эмдиги жылга калган. 124 жылдык тарыхы бар бул иш-чара согуштун айынан… Кененирээк…

Кыргызстанда үй карантинин бузгандарга чара көрүлө баштады

Кыргызстанда үй карантинин бузгандарга чара көрүлө баштады. Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов алты адам административдик жоопко тартыларын билдирди. Анын айтымында, санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузганы үчүн жарандарга 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып каралган. Мындан тышкары атайын мобилдик тиркеме аркылуу дагы 151 адамдын… Кененирээк…

Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда жана Нарын шаарында өзгөчө абал режими узартылбайт

Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда жана Нарын шаарында өзгөчө абал режими узартылбайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Ал эми Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылат. Ал эми бүт Кыргызстан боюнча киргизилген… Кененирээк…

Кайрымдуулук уюмдарынын эсебинен жана шаардык бюджеттен 74 миңге жакын үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы берилди

Кайрымдуулук уюмдарынын эсебинен жана шаардык бюджеттен 74 миңге жакын үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы берилди. Бул бүгүнкү күнгө карата жардам алган үй-бүлөлөр экенин ордо калаа мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди. Анын айтымында, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күнүмдүк жашоого зарыл болгон азык-түлүк жеткирилүүдө. Мындан тышкары Сокулук жана… Кененирээк…

Екатеринбургдан 157 кыргызстандык чартердик каттам менен учуп келди

Екатеринбургдан 157 кыргызстандык чартердик каттам менен учуп келди. Коопсуздук чаралары үчүн жүргүнчүлөр аба майдандын имаратына киргизилбестен, учуу тилкесинен тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү. Ушул эле учак Бишкектен Екатеринбургга Россиянын жарандарын алып кетет. Кошумчаласак, 22-апрелде Новосибирскиден чартердик каттам менен 176 биздин мекендештер алынып келинген.

Европа Биримдиги Кыргызстанга 36 миллион евро бөлөт

Европа Биримдиги Кыргызстанга 36 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирет. Маалыматка ылайык, каражат грант түрүндө берилет жана макрофинансылык туруктуулукту, социалдык коргоону, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана саламаттыкты сактоо тармагына жумшалат. Грант түрүндө бөлүнө турган акчанын 30 миллион евродон көбүрөөгү мамлекеттик бюджетке тартыштыкты… Кененирээк…

Өлкөнүн айрым аймактарындагы өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылат

Өлкөнүн айрым аймактарындагы өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылат. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Анда Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абалды узартуу керектиги белгиленди. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат. Белгилеп кетсек, республикада өзгөчө… Кененирээк…