Бажы кызматынын беш айдагы кирешеси 23 млрд сомдон ашты
Бажы кызматынын 2022-жылдын 5 айындагы администрацияланган кирешеси 23 млрд 408,4 млн сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүлөрү 7 589,2 млн сомго өстү же өсүү темпи 148%ды түздү.