Кыргызстанда тышка мал сатууга коюлган чектөө алынды

Кыргызстанда бодо мал менен майда жандыктарды экспорттоого чектөө алынганын өкмөт кабарлады.   Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн кезексиз жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу каралган. Марипов Айыл чарба министрлиги маалында чара көрсө, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда көйгөйлөр жаралмак эместигин айткан. Ошондуктан бир катар чечимдерди кабыл алуу… Кененирээк…

БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев Азербайжанга элчи болуп бекиди

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.   Буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Осмоналиевди кызматка дайындоону жактырган. Осмоналиев… Кененирээк…

Бишкекте  “Спутник V” вакцинасын алууга мүмкүн болгон дагы 2 түйүн ачылды

Бишкекте  “Спутник V” вакцинасын алууга мүмкүн болгон дагы 2 түйүн ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, алар Ленин жана Свердлов райондорунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында жайгашат.   Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан Бишкекте 5 эмдөө түйүнү иштеп жатат. Мэриядан эске салышкандай, россиялык вакцина 60 жаштан жогорку жана… Кененирээк…

Кыргызстанда айрым айыл-чарба продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн башка мамлекеттерге экспорттоого тыюу салынат

Кыргызстанда айрым айыл-чарба продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн башка мамлекеттерге экспорттоого тыюу салынат. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун айтымында, кеп буудай, ун, кумшекер, күрүч, суу май жана тоок жумурткасы тууралуу болуп жатат.   Тоюттун баасы дагы көтөрүлүп жатканын эске алуу менен, чөп, жем, жүгөрү жана арпаны дагы… Кененирээк…

Түркия Баткендеги миң гектар жерди иштетүүгө көмөктөшөт

Түркия өкмөтү Баткенде бош жаткан 1000 гектар жерге мөмө-жемиштин бир нече түрүн өстүрүүгө жана анын түшүмүн кайра иштетүү үчүн ишкана ачууга көмөктөшөт.   Мындай маалымат Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган Баткенге барганда белгилүү болду. Министрлер кабинетинин Баткендеги өкүлчүлүгү тараткан маалыматта Түркия кол кабыш кыла… Кененирээк…

Кыргызстанда 100 000 жаран коронавируска каршы эмделди

Кыргызстанда 100 000 жаран коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алды. Алардын жарымы экинчи дозаны да алып бүтүп калды. Бул тууралуу 24-июнда «Азаттыкка» Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.   Учурда өлкөдө 65 жаштан өткөн жарандар Орусиянын «Спутник-V» вакцинасы менен эмделүүдө. 18ден 65 жашка чейинкилерге… Кененирээк…

Москвада эмдөөдөн өтпөгөндөр иштен четтетилет

Москвада COVID-19дан эмделбегендиги үчүн жумушунан четтетилген кызматкерлер ал күндөр үчүн маянасын албайт. Бул тууралуу орус башкалаасынын коронавируска каршы оперативдүү штабынан билдиришти. Ал убакыт эмгек тажрыйбасына да камтылбайт. Мындай чара коронавирустун жайылып кетиши менен байланыштуу. “Роспотребсоюздун” борбор шаар боюнча башкармалыгы милдеттүү вакцинация тууралуу эреже киргизген.  … Кененирээк…

Садык Шер-Нияз Кыргыз өлкөсүнүн Франциядагы элчиси болуп дайындалды

Садык Шер-Нияз Кыргыз өлкөсүнүн Франциядагы элчиси болуп дайындалды. Ошондой эле ал Бириккен улуттар уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болду.   Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдирип, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун белгиледи. Садык Шер-Нияз «Айтыш» коомдук… Кененирээк…

Интернетте Европа чемпионатында тартылган сүрөт популярдуу болууда

Интернетте Европа чемпионатында тартылган сүрөт популярдуу болууда.   Кадрда Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналду жана Франциянын жаш форварды Килиан Мбаппе беттештен кийин футболкалары менен алмашканын көрсө болот.   Оюн 2:2 эсебинде жыйынтыкталды. Роналду дубль аткарса, Мбаппе гол менен өзгөчөлөнө алган жок. Жылмайган футболчулар дароо беттештен кийин… Кененирээк…

CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу 2024-жылы жыйынтыкталат деп пландалууда

CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу 2024-жылы жыйынтыкталат деп пландалууда.   Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, иштер толугу менен 2022-жылы аяктамак, бирок пандемияга байланыштуу кечигүүлөр болду.   Жер тилкелери менен суроо чечилди, бирок жабдууларды жеткирүүдө айрым кыйынчылыктар жаралды, — деди чиновник.… Кененирээк…