Бишкекте эртеңден тартып SPA-борбор, сауна жана коомдук мончолордун иштөөсүнө уруксат берилет
Бишкекте эртеңден тартып SPA-борбор, сауна жана коомдук мончолордун иштөөсүнө уруксат берилет. Мэриядан белгилешкендей, ишин жанданткан мекемелер санитардык-гигиеналык талаптарды жана эрежелерди аткарылышы керек. Аларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, администрация жана кызматкерлер беткап, колкап кийип иштөөсү зарыл. Кардарлар 1,5 метр аралыкты сактап, санитайзер, антисептик менен камсыздалышы шарт.