Жалал-Абадда жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору иштеп баштады

Жалал-Абадда жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору иштеп баштады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Борбор Оpen space форматында иш алып барат.   Жетекчинин жана кызматкерлердин жумуш орундары жалпы залда жайгашкан.   Имарат кеп-кеңеш берүү, күтүү жана документтерди кабыл алуу залына бөлүнгөн. Электрондук кезек системасы орнотулуп,… Кененирээк…

Таласта республикалык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

Таласта СССРдин Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына карата акындардын республикалык айтышы 23-августта жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.   Байге фонду 1 млн сомду түзгөн айтыштын тандоо туруна 43 акын катышкан, алардын 16сы жарышка түшкөн. 16нын ичинен сегизи кийинки турга… Кененирээк…

Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 23-август күнү саат 3:01де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык айылдарында 3 балл жана… Кененирээк…

Кыргызстан июлдан бери 7,5 миң пакистандыкка туристтик виза берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өлкө аймагында жүргөн пакистандык жарандар боюнча расмий маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 23-августта министрликте Пакистандын элчисинин орун басары Тарик Али менен жолугушуу өткөрүлдү.   Дипломат Кыргызстанга келген пакистандыктардын көбү Бириккен Араб Эмирликтерине жана Сауд Арабиясына жөнөп жаткан эмгек… Кененирээк…

Бишкекте Киев көчөсүндөгү тротуарлар оңдолуп баштады

Бишкекте Киев көчөсүндөгү тротуарлар оңдолуп баштады. Кеп анын Турусбеков көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат. Ошондой эле, көчөнүн унаалар өтүүчү тилкеси дагы кайра калыбына келтирилет.   Иштерди “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасы жүргүзүп жатат.

Түрк компаниясы Бишкекте жаңы таштанды иштетүүчү завод куруп берет

Түрк компаниясы Бишкекте жаңы таштанды иштетүүчү завод куруп берет. Ордо калаа мэриясы фирма менен тиешелүү макулдашууга кол койду.   Бир айдын ичинде компания заводдун курулушу боюнча долбоор тартуулап, анын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап, каржылоону баштайт.   Өз кезегинде Бишкек мэриясы жана Инвестициялар министрлиги дагы колдоо көрсөтөт.

Чек арада жабыркаган баткендиктерге 140 үйдүн курулушу 31-августка чейин аяктайт

Чек арада жабыркаган баткендиктерге 140 үйдүн курулушу 31-августка чейин аяктайт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Иштер Баткен жана Лейлек райондорундагы айылдарда жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, Максат айылындагы 60 үй-бүлө жаңы турак-жайларына көчүрүлдү. Бул жерде ошондой эле мектеп, бала бакча курулуп,… Кененирээк…

Афганистан жарандарына Кыргызстанга виза берүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Афганистан жарандарына Кыргызстанга виза берүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Афганистандагы азыркы аскердик-саясий абалды эске алып, баш паанек издеп, массалык каптоо коркунучун алдын алуу максатында Афганистандын жарандарына виза берүү убактылуу токтотулду.   Бул тартип кызматтык жана дипломатиялык визаларга тиешелүү эмес. Андан тышкары, афганистандык… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтун жолугушуусу өттү

Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо боюнча эки тараптуу өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун өкүлдөрү 16-22-августта Баткен облусунун Исфана шаарында болгон жолугушту.   Анын жыйынтыгында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тийиштүү протоколго кол коюлганын Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев… Кененирээк…

Черногорияда жалкоолук боюнча мелдештер өтүүдө

Черногорияда жалкоолук боюнча мелдештер өтүүдө. Эң узак жаткан катышуу жеңүүчү аталып, ага 300 евро байге тапшырылат. Эрежелерге ылайык, катышуучулар кыймылсыз жатышы керек.   Аларга уктоого, китеп окууга, тамактанууга уруксаат берилет, болгону турганга болбойт.