Дания коронавирус боюнча бардык чектөөлөрдү толугу менен алып салды

Дания коронавирус боюнча бардык чектөөлөрдү толугу менен алып салды. Бийлик ошондой эле медициналык беткаптардан жана кафелердеги чектөөлөрдөн баш тартты.   Беткап режими бир гана ооруканаларда сакталат. Дания эпидемиологиялык абал кандай болбосун, чектөөлөргө кайрадан кайтпай турган болду. Белгилеп кетсек, муну менен Дания Европадагы коронавирус чектөөлөрүнөн баш… Кененирээк…

Бийлик Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча долбоорду талкуулашты

Бийлик Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча долбоорду талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиевдин айтымында, Энергетика министрлигине бул багытта иштерди активдештирүү тапшырмасы берилди.   Чиновник ошондой эле Каржы министрлигине долбоордун биринчи фазасын ишке ашыруу үчүн каржы булагын аныктап, стратегиялык инвесторду тартууну тапшырды.

Мамлекеттик башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун аты берилди

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Башкаруу акадмемиясы мындан ары “Президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы” деп аталат. Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы 1997-жылы түптөлгөн.   Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 23-декабрда туулган. 1927-жылы Кыргыз АССРинин… Кененирээк…

БШК ордо калаадагы эки округ боюнча кайра шайлоого 38 талапкерди каттады

БШК ордо калаадагы эки округ боюнча кайра шайлоого 38 талапкерди каттады. Талапкерлердин күбөлүгү Биринчи май округу боюнча 17 адамга, ал эми Свердлов округу боюнча 21 адамга берилди.   Каттоо процедурасы 7-февралга чейин аяктайт. Андан кийин үгүт жүргүзүү иштери старт алат. Эске салсак, кайра шайлоо 27-февралда… Кененирээк…

Бишкекте бардык аба чубалгыларын жер астынан өткөрүү пландалууда

Бишкекте бардык аба чубалгыларын жер астынан өткөрүү пландалууда.   “Бишкек башкы архитектуранын” маалыматына ылайык, зымдарды жер алдынан өтүүчү телефон канализациясына кошуу маселеси ведомстводо талкууланды.   Учурга карата Манас проспектисинин Бөкөнбаев-Жибек Жолу бөлүгүндө жана Манас проспектисинен Ибраимов, Чүй, Киев жана Токтогул көчөлөрүнө чейинки тилкеде оптикалык линиялар… Кененирээк…

Кыргызстан калкын каттоо өнөктүгүнө каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт

Кыргызстан калкын каттоо өнөктүгүнө каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт. Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев каражаттын суммасы жана багыты боюнча кененирээк айтып берет.   “Бул максатта Республикалык бюджеттен 321 миллион сом каралган. Бул ошол 28 миң киши эл каттоону жүргүзгөн адамдарга айлык түрүндө төлөнүп… Кененирээк…

Маданият министрлиги Кыргызстанга 50 атактуу саякатчы блогерди алып келүү ниетинде

Маданият министрлиги Кыргызстанга 50 атактуу саякатчы блогерди алып келүү ниетинде. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Азамат Жаманкулов билдирди.   Анын айтымында, биздин өлкө тууралуу маалымат таратуу үчүн тревел-блогерлер туристтик потенциал менен жакындан таанышып кетет.   Белгилеп кетсек, министрлик быйыл туризм тармагына артыкчылык жасап, Ысык-Көлдө туристтик маалымат… Кененирээк…

Бишкектин жаңы конуштарынын тургундарына техпаспорт берүү уланууда

Бишкектин жаңы конуштарынын тургундарына техпаспорт берүү уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, 1-февралга карата жалпысынан 1 миң 250дөн ашык документ берилди.   Арыздар Жер-Ынтымагы, Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Төкөлдөш, Ак-Ордо, Кара-Жыгач, Учкун жана Ак-Тилек конуштарынын тургундарынан кабыл алынууда.   Эске салсак, техпаспортторду берүү боюнча көчмө топтор ишин 7-декабрда… Кененирээк…

Кыргызстанда алгачкы ирет өндүрүлгөн автобус сыноо үчүн чет өлкөгө жөнөтүлөт

Кыргызстанда алгачкы ирет өндүрүлгөн автобус сыноо үчүн чет өлкөгө жөнөтүлөт. Өндүрүүчү компаниядан билдиришкендей, жакынкы күндөрү транспорт лаборатордук-полигондук иликтөөдөн өткөрүлөт.   Андан ийгиликтүү өтсө, автобус көп санда өндүрүлүп баштайт. Эске салсак, Кыргызстанда чогултулган “Белес” автобусунун узундугу 12 метр, ал 35 орундук менен жабдылса, жалпысынан  115 жүргүнчүнү… Кененирээк…

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөт

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.   Учурда ведомство тиешелүү документтерди даярдап жатат. Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы бишкектиктерге капыстан катуу ооруп калганда, жараат алганда, кырсыкка кабылганда, ууланганганда ыкчам, күнү-түнү кабыл… Кененирээк…