Кумтөрдө жоголгон жумушчуларды издөө токтотулду

Кумтөрдө өткөн жылдын 1-декабрында жер көчкүдөн соң дайынсыз болгон ишкананын тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозерчи Жолдош Жунушевди издөө токтотулду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди. Анын айтымында, 9-январда жоголгон жумушчулардын туугандары ишкана өкүлдөрү менен кеңешип, издөөнү токтотуу… Кененирээк…

Австралия токойлорундагы өрттөн бир миллиарддан ашык жаныбар кырылды

Австралия токойлорундагы өрттөн бир миллиарддан ашык жаныбар кырылды. Бул тууралуу Сидней университетинин маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости билдирет.   Окумуштуулар жаныбарлардын саны андан дагы көп болушу мүмкүн экенин айтышууда. Эске салсак, Жаңы Түштүк Уэльс штатында                      2019-жылдын сентябрь айында тутанган өрт 5 миллион гектардан ашык жерди жалмап,… Кененирээк…

Быйылкы Олимпиада оюндарына беш кыргызстандыктын жолдомосу бар

Быйылкы Олимпиада оюндарына беш кыргызстандыктын жолдомосу бар. Алар — балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлеттер Юлия Андреева менен Дарья Маслова. Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,   Токиодо өтө турган жайкы Олимпиадага жалпысынан 20га жакын спортчунун лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар.… Кененирээк…

Кыргыз паспорту күчү боюнча дүйнөлүк рейтингде 80-орунда турат

Кыргыз паспорту күчү боюнча дүйнөлүк рейтингде 80-орунда турат. Эл аралык колсалтинг компаниясы жыл сайын чыгарчу индексте биздин өлкө бир жыл мурунку позициясынан төрт тепкич артка кетти.   Кыргызстандыктар 63 мамлекетке визасыз бара алат.  Рейтингде Казакстан 67-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин сап башында. Биринчи орунда Япония  турат. Бул… Кененирээк…

Бишкекте чуулгандуу мушташ боюнча кармалган милиционер үй камагына бошотулду

Бишкекте чуулгандуу мушташ боюнча кармалган милиционер үй камагына бошотулду. Чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды. Чүй облустук милициясынын кызматкери Казыбек Бапышев тергөө менен кызматташуу келишимине кол койду.   Эске салсак, былтыр 28-августта Жал кичи районунда мушташта эки адам мыкаачылык менен катуу сабалган. Аларды сабаганы айтылган… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, Баткен облусунда жайгашкан чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.   Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барууда. Эске салсак, бүгүн түнү кыргыз-тажик чек… Кененирээк…

Дүйнөдө жашоо шарты мыкты болгон 5 шаар аталды

Дүйнөдө жашоо шарты мыкты болгон 5 шаар аталды. Адам ресурстары боюнча иш алып барган “Mercer” эл аралык консалтинг компаниясы түзгөн рейтингдин сап башында Цюрих турат.   Анда эмгек акы, саламаттыкты сактоонун сапаты, саясий туруктуулук жана билим берүүнүн сапаты эң мыкты деп бааланат. Экинчи орунда Мюнхен турса,… Кененирээк…

“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи быйыл дагы алып баруучусу жок өтөт

“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи быйыл дагы алып баруучусу жок өтөт. Дүйнөлүк киноиндустриянын абройлуу салтанаты 9-февралга белгиленди. Былтыркы иш-чарада алып баруучуга байланыштуу жаңжал чыккан.   Уюштуруучулар ошондон кийин сыйлыктарды тапшырган адамдар кечени алып барышат деп чечишкен. Мындай окуя тарыхта буга чейин 1989-жылы болгон.

Бишкектин 8 кесилишине светофор орнотулат

Бишкектин 8 кесилишине светофор орнотулат. Ордо калаа мэриясынын алдындагы Транспорт башкармалыгы бул максатта тендер жарыялады. Жаңы жол чырактар үчүн 4 миллион 100 миң сом каралды.   Сынакка катышуу үчүн арыздар  16-январга чейин кабыл алынат.

Кыргызстанда чет өлкөлүк жана башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар үчүн жеңилдетилген визалар бериле баштайт

Кыргызстанда чет өлкөлүк жана башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар үчүн жеңилдетилген визалар бериле баштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.   Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев виза берүүнүн жаңы нускамасына кол койду.  15-январдан тартып күчүнө кирчү документке ылайык, кыргыз улутундагыларга “Туугандык виза”, “Мекен виза” жана “Мейман виза”… Кененирээк…