Синоптиктер 8-мартта аба-ырайы кандай боло турганын айтып беришти

Синоптиктер 8-мартта аба-ырайы кандай боло турганын айтып беришти. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жаздын башкы майрамы белгиленген күндө жаан-чачын күтүлбөйт, термометр мамычалары күндүз +10 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн.   Ал эми алдыдагы күндөр тууралуу айта турган болсок, 3-марттан тарта күн жылып баштайт.   Алдыдагы… Кененирээк…

Бишкектин Ала-Тоо аянты Мамлекеттик туу күнүн майрамдоого даярдалып жатат

Бишкектин Ала-Тоо аянты Мамлекеттик туу күнүн майрамдоого даярдалып жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, башкы аянтта кафель төшөлгөн жерлер жана темир тосмолор калыбына келтирилип, аймак толугу менен жыйнап-тазаланды.   Эске салсак, мамлекеттик туунун 30 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар 3-мартта өтөт.

Улуттук банк жыл башынан бери 3 интервенция өткөрдү

Улуттук банк жыл башынан бери 3 интервенция өткөрдү. Эл аралык валюта рыногуна чыгарылган жалпы сумма 169 миллион долларды түзөт, — дешти өлкөнүн башкы каржы мекемесинен.   Андан такташкандай, мындан кийин дагы Улуттук банк валюта серпилүүсүн жөнгө салуу үчүн интервенцияларды өткөрүүгө даяр. Улуттук банктын резерви 2,5… Кененирээк…

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кыргызстан менен Грузиядагы элчилерин чакыртып алды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кыргызстан менен Грузиядагы элчилерин чакыртып алды. РИА Новости жазгандай,  ал мындай чечимди эки өлкөнүн Украина кризиси боюнча позициясынан улам кабыл алган. Буга чейин Грузиянын бийлиги Россияга каршы Батыш салган санкцияларды колдобой турганын билдирген. Ал эми Садыр Жапаров россиялык кесиптеши Владимир Путин менен… Кененирээк…

«Чыгышэлектр» ишканасынын кызматкерлери кармалды

«Чыгыш электр» ишканасынын Нарын филиалынын кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди. «Чыгыш электр» ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын жооптуу кызматкерлери 2016-2020-жылдары электр энергиясына болгон 219 миллион 667 миң сом карыздарды негизсиз эсептен чыгарганы аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө. Аталган факт боюнча Башкы… Кененирээк…

АКШда теке полиция кызматкерлерине кылмышкерди кармоого жардам берди

АКШда теке полиция кызматкерлерине кылмышкерди кармоого жардам берди. Тартип сакчылар шектүүнү кармоого келгенде, ал качууга аракет кылган. Полиция анын аркасынан кубалап, бирок жеткен эмес.   Бул учурда тартип сакчыларга эчки жардамга келип, токойдо жашынып алган кылмышкерди таап берди. Эркек колго түшүрүлгөндөн кийин, теке ээсине кайтарылып,… Кененирээк…

Украинадан Венгрияга эвакуацияланган кыргызстандык 112 жаран чек арага жетти

Украинадан Венгрияга эвакуацияланган кыргызстандык 112 жаран чек арага жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов «Азаттыкка» билдирди.   Анын айтымында, айрым жарандар каттоосуз 90 күн жүрүү эрежесин бузгандыктан маселе жаралды. Жеринде элчиликтин кызматкерлери маселени чечүүдө.   Кечээ, 28-февралда Украинанын борбору Киевден   112 кыргызстандык, арасында… Кененирээк…

Улуттук банк Кыргызстандагы инфляция боюнча божомолун айтты

Жыл башынан бери баалар 1,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка караганда, Кыргызстанда баалардын динамикасына дүйнөдө азык-түлүк менен күйүүчү майдын кымбатташы таасир этип жатат. «18-февралда инфляциянын жылдык көрсөткүчү 10,6 пайыз болду. Жыл башынан бери баалар 1,5 пайызга өстү. Динамика көбүнесе өнөктөш өлкөлөрдөгү шартка… Кененирээк…

Акыйкатчы кызматына төрт талапкер ат салышмай болду

Кыргызстандын акыйкатчысы кызмат ордуна төрт талапкер сунушталды. Маселе Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде каралып, талапкерлер жактырылды. «Ыйман нуру» фракциясы Маматурайым Момуновду, Атыр Абдрахматованы, Бакытбек Узенбаевди сунуштаса, «Ынтымак» фракциясы Турсунбек Акундун талапкерлигин көрсөттү. «Ынтымак» буга чейин «Ата Журт Кыргызстан», «Ишеним»,… Кененирээк…

Кыргызстанда эми 1-мартта жактоочулар күнү белгиленет

Кыргызстанда эми 1-мартта жактоочулар күнү белгиленет. Тиешелүү токтом министрлер кабинетинде кабыл алынды. Бийликтен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата адвокат кесибине 97 жыл толду.   Архивдик документтерге ылайык, жактоочулардын биринчи коллегиясы Кара-Кыргыз автономдук облусунун аймагында 1925-жылдын 1-мартында өткөн.