Кыргызстанга эми 33 өлкөнүн жарандары кире алат

Кыргызстан 33 мамлекеттин жарандарына өлкө аймагына кирүүгө уруксат берди. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдирди. Компаниянын кабарлаганы боюнча, аталган мамлекеттерде коронавирус басаңдап, эпидемиологиялык кырдаал турукташып келе жатканы байкалган. Мында Европа өлкөлөрү да бар.   Тизме:   Россия Грузия Азербайжан Армения Беларусь Казакстан Түркмөнстан Бельгия… Кененирээк…

Жалал-Абадда бир катар карантиндик чектөөлөр алынды

Жалал-Абадда бир катар карантиндик чектөөлөр алынды. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, ишин шаардык унаа базары жандантты. Ошондой эле коомдук мончолордун, бильярд залдарынын, коомдук тамактануу жайлардын иштөөсүнө уруксат берилди.   Бирок кардарлардын саны 50дөн ашпашы керек. Андан тышкары, эртеңден тарта мечиттерде жума намаз окулат. Талаптарды сактабаган жайлар аныкталса,… Кененирээк…

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев кармалды

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев кармалды. Улуттук коопсуздук комитетинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, ал системалык түрдө ведомствонун аймактык бөлүмдөрүнөн акча алып жүргөн деп шектелүүдө.   Ирсалиев УКМКнын убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Тергөө жүрүүдө.

Мышык менен ээсинин баарлашуусун түшүнүктүү кылган тиркеме чыгарылды

Мышык менен ээсинин баарлашуусун түшүнүктүү кылган тиркеме чыгарылды. Технология мышыктын мыйалаганын адам тилине котормокчу. Идеянын автору Амазон компаниясынын мурдагы инженери Хавьер Санчес.   Тиркеме үй жаныбары ачка болгонун же бир жери ооруп атканынан кабар берип турат. Колдонуучулар болсо, сүйүктүү жаныбары менен сүйлөшүү үчүн жана аны… Кененирээк…

Бишкектин коммуналдык кызматтары жылуулук сезонун ийгиликтүү өткөрүүгө даяр

Бишкектин коммуналдык кызматтары жылуулук сезонун ийгиликтүү өткөрүүгө даяр. Мэриядан билдиришкендей, ЖЭБ жана буу казандар зарыл көлөмдөгү отун менен камсыздалган.   Алдын ала бүт жабдуулар ремонттолуп, ишке даярдалды. Шаар тургундарынын үйлөрүн жылытуу үчүн быйыл 126 миң тонна көмүр керектелет. Ошондой эле аз камсыздалган үй-бүлөлөргө  акысыз отун… Кененирээк…

Президенттик шайлоолорду өткөрүүгө жарым миллион сом бөлүнөт

Президенттик шайлоолорду өткөрүүгө жарым миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди. Анын айтымында, бджеттин киреше бөлүгүндө маселелер бар, бирок алар шайлоолого таасирин тийгизбейт.   Бийлик добуш берүү процессин толугу менен каржылайт. Эске салсак, мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 10-январда өтөт.

Америкалык ишкер Илон Маск дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинде   3-орунга илинди

Америкалык ишкер Илон Маск дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинде   3-орунга илинди. Bloomberg билдиргендей,  бул анын Tesla компаниясынын акциялары дароо 1 күндө эле кымбаттап кеткенине байланыштуу.   Муну менен Илон Маск Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергди артта калтырды. Рейтингдин сап башында мурдагыдай эле 185 миллиард доллары менен… Кененирээк…

Президенттик шайлоолордо жарандар жашаган жери боюнча гана добуш бере алат

Президенттик шайлоолордо жарандар жашаган жери боюнча гана добуш бере алат. Бул тууралуу шайлоо өткөрүү боюнча штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди. Анын айтымында, бул форма-2 жоюлганына байланыштуу.   Бирок Кыргызстанда ички миграция өнүгүп, аймактардан келип, шаарларда каттоого турбастан эле турукташкандар көп. Учурда алар үчүн добуш… Кененирээк…

Голливуддун белгилүү актеру Брэд Питт ыктыярчылар менен кошо гуманитардык жүк ташыды

Голливуддун белгилүү актеру Брэд Питт ыктыярчылар менен кошо гуманитардык жүк ташыды. Бирок жарандардын эчкимиси аны алгач тааныган эмес. Жүк ташуучулардын бири маскасын чечип, тамекки чегип аткан учурда гана Брэд Питт экенин таанышты.   Актер  өз унаасы менен эмес, ыктыярчылар бригадасы менен кошо жүк ташуучу машинеде… Кененирээк…

Кыргызстанда кинотеатр жана фудкортторду ачуу азырынча пландалбайт

Кыргызстанда кинотеатр жана фудкортторду ачуу азырынча пландалбайт. Бул тууралуу 24 агенттигине өкмөт аппаратынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда бул суроо министрлер кабинетинин кароосунда.   Кечээ ММКларда тараган айрым маалыматтарга караганда, өлкөдөгү кинотеатр жана фудкорттор бүгүн ишин жандантмак. Эске салсак, коронавирус жайылып баштаганда мартта кинотеатрлар биринчилерден болуп… Кененирээк…