“Реалдын” чабуулчусу Карим Бензема Чемпиондор Лигасынын мыкты бомбардири аталды

“Реалдын” чабуулчусу Карим Бензема Чемпиондор Лигасынын мыкты бомбардири аталды. Форвард турнирдеги 12 беттешке катышып, аларда 15 гол киргизди.   Экинчи орунда “Бавариянын” чабуулчусу Роберт Левандовски 13 голу менен турат. Бомбардирлердин үчилтикин “Аякстын” футболчусу Себастьен Аллер жабат. Эске салсак, Чемпиондор Лигасынын финалында “Реал” “Ливерпульду” 1:0 эсебинде… Кененирээк…

Түркия бийлиги коронавирустук чектөөлөрдү алып салды

Түркия бийлиги коронавирустук чектөөлөрдү алып салды. Эми бул өлкөдө коомдук жайларда жана сыртта маска тагынуу милдеттүү эмес. Беткап режими ооруканаларда эле сакталат.   Чектөөлөрдү жеңилдетүү чечими Түркияда коронавирус инфекциясына кабылуу учурлары кескин азайганына жана эпидемиологиялык абал жакшырганына байланыштуу кабыл алынды.

Бишкекте 2 миңдей дарак электрондук каттоого алынды

Бишкекте 2 миңдей дарак электрондук каттоого алынды.   Мэрия маалыматына ылайык, инвентаризациялоонун алкагында медициналык карта ачылып, ага дарактын саны, отургузулган аймагы, түрү жана абалы жазылат.   Бишкекте алгачкы жолу бак-дарактарды электрондук түрдө каттоо былтыр жайында башталган. Анын максаты — жашылдандыруу ишин жакшыртуу, бак-дарактарды калыбына келтирүү,… Кененирээк…

Быйыл жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру 12-июлда башталат

Быйыл жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру  12-июлда башталат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 1-этап  12-17-июлда, экинчиси 19-июлдан 24-июлга чейин жана үчүнчү этап 26-июлда башталып, 31-июлга чейин созулат.   Жогорку окуу жайларга ЖРТнын босого баллынан өткөн абитуриенттер тапшыра алат.   Ал эми босого балл… Кененирээк…

Министрлер кабинети жана Германиялык өнүктүрүү банкы 15 миллион евро мамлекеттик карызды которуу макулдашуусун кабыл алды

Министрлер кабинети жана Германиялык өнүктүрүү банкы 15 миллион евро мамлекеттик карызды которуу макулдашуусун кабыл алды. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, каражат айыл жергесиндеги кирешеси аз жана орто үй-бүлөлөр үчүн турак-жай курууга багытталат.   Макулдашууга ылайык, ипотекалык компания 15 миллион еврону бир нече транш менен 2 жыл… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында эртең таза суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында эртең таза суу жок болот. “Бишкек суу каналы” башкармалыгынан билдиришкендей, суу эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин Анкара көчөсүндө, Тункуч кичи районунда, Рухий-Мурас конушунда жок болот.   Убактылуу чектөөлөр “Сельский” суу дарбазасындагы алдын алуу иштерине байланыштуу.

Бишкек милициясы жарандарды чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат

Бишкек милициясы жарандарды чөнтөк ууруларынан сак болууга чакырат. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, өзгөчө коомдук транспорттун ичинде этият болуу керек. Соңку күндөрү маршруттук таксилерде жана автобустарда жеке буюмдарды  уурдоо фактылары көбөйүүдө.   Милициядан белгилешкендей, телефон, капчык жана башка баалуу бумдарды сырткы чөнтөктөргө салбаш керек.

Ордо калаанын маршруттук такси фирмаларына транспортту иретке келтирүү үчүн 1 ай убакыт берилди

Ордо калаанын маршруттук такси фирмаларына транспортту иретке келтирүү үчүн 1 ай убакыт берилди. Бул тууралуу транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин башчысы Максат Нусувалиев билдирди.   Анын айтымында, маршруттук таксилердин бардыгы бир түскө боелуп, сырткы жарнамалардан арылышы керек.   Департамент кызматкерлери акыркы аялдамаларга барып бул… Кененирээк…

Эртең Кыргызстанда “Алтын тамга” тестирлөөсү өтөт

Эртең Кыргызстанда “Алтын тамга” тестирлөөсү өтөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, сынакка 2 миң 232 бүтүрүүчү катышат. Эске салсак, “Алтын тамга” тестин өзгөчө үлгүдөгү аттестатка талапкер окуучулар тапшырат.   Өз билимин ийгиликтүү тастыктаган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик экзамендерден бошотулат.

Ысык-Көл милициясы  туристтик сезондо эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого даяр

Ысык-Көл милициясы  туристтик сезондо эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого даяр. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тартипти сактоого 1 миңден ашык кызматкер тартылат.   Кырдаага жана келген туристтердин санына жараша милиционерлердин саны көбөйтүлөт. Трассага 50 пост орнотулуп, анда жол инспекторлорунун 3 смендик нөөмөтү уюштурулат.   Андан тышкары,… Кененирээк…