Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлөт. «Түндүк электрден» билдиришкендей, эртең, саат 9дан кечки 6га чейин Зеленая, Пушкин, Кулиев Элебесов, Ормокоев, Маяковский, Иманалиев, Васильев, Рысмендиев көчөлөрүндө, Ак-Ордо, Көлмө, Алтын-Бешик, Ак-Босого, Арча-Бешик жана Рухий-Мурас конуштарынын айрым көчөлөрүндө электр энергиясы жок болот. Убактылуу өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу

Баткендин Лейлек районунда жолдорду оңдоо иштерип уланууда

Баткендин Лейлек районунда жолдорду оңдоо иштерип уланууда. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан Кулунду — Максат – Арка,  Аксай – Рават унаа жолдорунун 15 чакырымына асфальт төшөлдү. Иштер учурда чек арага жакын жайгашкан Саада, Максат айылдарында жүрүп жатат, кышта дагы уланат, — деп кошумчалашты ведомстводон

TikTok колдонуучуларынын саны 1 миллиардга жетти

TikTok соцтармагынын колдонуучуларынын саны 1 миллиардга жетти. Бул тууралуу компаниянын башкы операциялык директору Ванесса Паппас жарыялады. Эске салсак, TikTok соцтармагы 2017-жылы негизделип, 2018-жылдан тартып тез убакта популярдуу болду. Буга пандемиядан улам карантиндик чаралардын киргизилгни себеп деп колдонуучулар айтып келишет.

Бишкектин батыш тарабында чыккан өрт чектөөгө алынды

Бишкектин батыш тарабында чыккан өрт чектөөгө алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоону өчүрүүгө төрт бригада тартылды. Жалын Кулиев көчөсүндө жайгашкан кафеде чыкканы айтылган. Андан  кийин ага жакын жайгашкан имаратты дагы каптады. Өрт өчүрүүчүлөр жеринде иштеп жатат. Келип чыгуу себептери жана чыгымдар тууралуу маалымат кийин… Кененирээк…

Бишкектеги коомдук унааларда жол кире 1-ноябрдан тартып көтөрүлөт

Бишкектеги коомдук унааларда жол кире 1-ноябрдан тартып көтөрүлөт. Чечимге шаардык кеңештин  36 депутатынын 33ү макул деп добуш берди. Жаңы чечимге ылайык, эми маршруттук таксилерде жол кире 15 сом, автобус менен троллейбустарда 11 сом болот. Белгилеп кетсек, учурда маршруттук таксилерде акы 10 сомдон болсо, автобус, троллейбустарда… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы бир жумага жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы бир жумага жабылат. УКМКнын чек ара кызматынан билдиришкендей, 1-октябрдан 7-октябрга чейин “Торугарт” жана “Эркештам” көзөмөл өткөрүү түйүндөрү жабык болот. Бул кытайда билим берүү күнүн майрамдоого байланыштуу. Жүктөрдү ташуу жана унааларды өткөрүү кайра 8-окябрда жанданат.

«Түндүк-түштүк» альтернавтивалык унаа жолунун куруу иштеринин 2-фазасы ноябрда аяктайт

«Түндүк-түштүк» альтернавтивалык унаа жолунун куруу иштеринин 2-фазасы ноябрда аяктайт. Азия өнүктүрүү банкынын координатору Санжар Асаналиев билдиргендей, жолдун 2-фазасынын алкагында асфальт төшөлүп бүттү. Учурда эки эстакадалык көпүрө курулуп жатат. Алардын узундугу 1,5 чакырымга жетет. Иштер жыл аягына чейин бүтөт. Белгилеп кетсек, «Түндүк-түштүк» унаа жолун куруу үч… Кененирээк…

Кыргызстанда кафе жана ресторандарда тамеки тартууга тыюу салынат

Кыргызстанда кафе жана ресторандарда тамеки тартууга тыюу салынат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Мурдагы мыйзамга ылайык, ар бир мекемеде тамеки тартууга ылайыкташкан атайын жай болушу керек болчу. Бирок жаңы мыйзамга ылайык мындай шартка уруксат берилбейт. Мыйзам долбоор Жогорку Кеңеш тарабынан быйыл 29-июлда биринчи… Кененирээк…

Россиядагы мигранттарга берилген жеңилдик 30-сентябрда аяктайт

Россиядагы мигранттарга берилген жеңилдик 30-сентябрда аяктайт. Президент Владимир Путин кол койгон жарлыка ылайык, Россия аймагында жүргөн башка өлкөнүн жарандары миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү жана аны расмий каттоо сыяктуу иштерди сентябрдын аягына чейин бүтүрүшү керек. Эгер мындай документтер жок болсо миграциялык кызмат, полиция айып салат… Кененирээк…

Кыргызстандын хоккейчилери алгачкы жолу дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын хоккейчилери алгачкы жолу дүйнө чемпионатына катышат. Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдиргендей, январда биздин жаштар курама командасы Мексикада өтө турган дүйнө биринчилигине барат. Бул — III дивизион. Андан тышкары, кийинки жылдын март айында Кыргызстанда дүйнө чемпионатынын IV дивизиону өтөт. Ага алты өлкөнүн хоккейчилери катышат.