Лионель Месси “Барселонадан” кетүү тууралуу ойлонуп жатат

Лионель Месси “Барселонадан” кетүү тууралуу ойлонуп жатат. Чет элдик ММКлар билдиришкендей, оюнчу ушул сезондун аягында акысыз трансфер боюнча клубдан кете алат. Аргентиналык футболчунун келишими кийинки жылдын июнь айына чейин.   Эксперттер Мессиге сунуш кыла турган клубдарды атап баштады, тизмеде ПСЖ, “Манчестер Сити”, “Манчестер Юнайтед”, “Ювентус”… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу 154 адам карантинде

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу 154 адам карантинде. Дагы 260 киши жашаган жери боюнча медициналык кароого жөнөтүлдү, — деп билдиришти өкмөттүн басма-сөз кызматынан. Өлкөдө коронавирустун тастыкталган учуру катталган жок.   Эпидемиологиялык абал туруктуу. Өкмөттөн белгилешкендей, Кытайдан келгендердин бардыгы тепловизордун жардамы менен текшерилип жатат. Кыргызстанда дартты ыкчам аныктоо… Кененирээк…

Ачкачылык америкалык аялга капысынан байлык алып келди

Ачкачылык америкалык аялга капысынан байлык алып келди. 48 жаштагы аялдын карды ачып, ал дүкөнгө кирет. Азык-түлүктөн тышкары, ал лотерея билетин дагы сатып алган. Ийгиликтүү билет аялга 30 миң доллар алып келди.   Жеңүүчү эми болгон карыздарынан кутулуу ниетинде.

Ордо калаанын №173 бала бакчасы ишин жандандырды

Ордо калаанын №173 бала бакчасы ишин жандандырды. Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта мектепке чейинки билим берүү мекемеси кайрадан бөбөктөрдү кабыл алууда.   Эске салсак, 28-январда бала бакчанын жылытуу системасында авария катталган. Түтүктөрдү оңдоого 103 миң сом бөлүнгөн. Кайра калыбына келтирүү иштеринен соң бала бакча дароо… Кененирээк…

Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого Азия өнүктүрүү банкынан 100 миллион доллар алуу пландалууда

Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого Азия өнүктүрүү банкынан 100 миллион доллар алуу пландалууда. Буга чейин каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Кэндис Мак Дэйган насыя келишимине кол койгон.   Аталган макулдашуу ратификациялоого парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Каражаттын 60 миллион доллары насыя болсо, 40 миллиону… Кененирээк…

Кыргызстандын бүт аймагы 4 жылда таза суу менен камсыздалат

Кыргызстандын бүт аймагы 4 жылда таза суу менен камсыздалат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда жарыялады. Өлкө башчынын айтымында,  акыркы жылдары 107 айылга таза суу өткөрүлдү.   Андан тышкары, эл аралык каржылык институттардын колдоосу менен 588 айылдын тизмеси түзүлдү. 2024-жылга… Кененирээк…

Жашоо үчүн эң кымбат мамлекеттер аталды

Жашоо үчүн эң кымбат мамлекеттер аталды. Рейтингдин сап башында Швейцария жайгашат. Ошондой эле тизмеге Япония, Дания, Багам аралдары, Люксембург, Израиль, Сингапур жана Түштүк Корея кирди.   Жалпысынан эксперттер 132 мамлекетти баалоого алышкан. Рейтингди түзүүдө турак-жай сатып алуунун жана ижарага алуунун наркы, азык-түлүктүн, ресторандардагы тамак-аштын баасы… Кененирээк…

Бишкектин №12 бала бакчасында кошумча корпус пайда болот

Бишкектин №12 бала бакчасында кошумча корпус пайда болот. Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, имараттын курулушуна тендер жарыяланды. Сейсмикалык талаптарды эске алып, корпус бир кабаттан гана турат.   Анда ар бири 50 баладан турган 2 тайпа жайгаштырылып, оюн бөлмөлөрү жана музыка, бий ийримдери үчүн атайын жайлар… Кененирээк…

20 миңден ашык калкы бар айылдардын жергиликтүү кеңеш төрагалары бекитилген айлык алышат

20 миңден ашык калкы бар айылдардын жергиликтүү кеңеш төрагалары бекитилген айлык алышат. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кеп,  5 миң сомго барабар базалык ставка тууралуу болуп жатат.   Буга тажрыйба, иштеген жылдар, класстык даража жана бийик тоолуу регион үчүн акча кошулат. Төрагаларга маяна… Кененирээк…

Жакынкы күндөрү ордо калаага 500 автобус сатып алууга тендер жарыяланат

Жакынкы күндөрү ордо калаага 500 автобус сатып алууга тендер жарыяланат. Бул тууралуу “Бишкек жүргүнчү автотранспорт” ишканасынын башчысы Нурлан Койчубаков билдирди.   “Ушул жылы 14-январда Бишкектин депутаттарынын сессиясы өттү. Ошол сессияда бизге депутаттар уруксаат берди. Мэрия тараптан иш-чаралар көрүлдү. Лизинг аркылуу биздин шаарга 500 автобус алынып… Кененирээк…