Кыргыз улуттук университетинде Жибек-Жолу институту ачылды

Кыргыз улуттук университетинде Жибек-Жолу институтунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган институттун директору Рашид Юсупов билдирди. Институттун ачылышына президенттин кеңешчиси Медет Букуев, улуттук университеттин окуу иштери боюнча проректору Бекжан Темиров, Бишкек шаарынан келген окутуучулар, кыргыз-кытай факультети менен кесиптик колледждин кытай бөлүмүнүн студенттери катышты.… Кененирээк…

Джеймс Кэмерон төртүнчү «Аватар» тасмасын тартуу иштери башталганын билдирди

Режиссер Джеймс Кэмерон төртүнчү «Аватар» тасмасын тартуу иштери башталганын билдирди. Мындан тышкары лентанын үчүнчү бөлүгүндө да иштер уланууда. Режиссёр белгилегендей, “Аватар 2” тасмасы пост-продакшн стадиясында турганына карабай, иш өз нугунда жүрүүдө. Белгилеп кетсек, көптөр күткөн тасманын экинчи бөлүгү 16-декабрга пландалып, калган үч тасма эки жылда… Кененирээк…

Кыргызстан арпа, жүгөрү, картошка жана пахтаны экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салды

Кыргызстан арпа, жүгөрү, картошка жана пахтаны экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салды. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, жогорудагы товарларды Тажикстан менен Өзбекстандын жеке ишканаларына экспорттоо боюнча буга чейин келишимдер бар. Мындан тышкары, Казакстан быйыл 15 миң тонна картошка сатып алууну көздөөдө. Ошондой эле Өзбекстан менен… Кененирээк…

Бишкекке электробустарды алып келүү боюнча тендердин жеңүүчүсү жакында аныкталат

Бишкекке электробустарды алып келүү боюнча тендердин жеңүүчүсү жакында аныкталат. Мэриядан билдиришкендей, учурда сунуштарды акыркы баалоо иштери жүрүп жатат. Бул иштин жыйынтыгы менен 120 электробус алып келүү жана заряддоо инфраструктурасы боюнча келишим түзүлө турган компания аныкталат. Эске салсак, долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Программаны ишке… Кененирээк…

Бишкектен Делиге үзгүлтүксүз аба каттамдары ачылды

Бишкектен Делиге үзгүлтүксүз аба каттамдары ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан кабарлашты. Учактар ​​жумасына эки жолу — бейшемби жана жекшемби күндөрү учат. Маалым болгондой, Бишкек – Дели – Бишкек багыты боюнча аба каттамдары туруктуу негизде биринчи жолу ачылды.

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 7 айда 6 млрд $ түздү

Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-июль айларында 6 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди. Анын айтымында, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,9 пайызга көп. Муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 36,6 пайызга азайып, ал… Кененирээк…

Бишкектеги үйлөрдүн бирине ата мекендик өндүрүштөгү лифт орнотулду

Бишкектин Юг-2 кичирайонундагы үйлөрдүн бирине пилоттук долбоор катары жаңы лифт орнотулду. Муниципалитеттен билдиришкендей, лифт ата мекендик ишкана тарабынан жасалган. Жүргүнчү лифт 8 аялдаманы түзүп, жүк ташуу көлөмү 320-450 кг. Азыр лифт ишке киргизүү стадиясында турат. Белгилеп кетсек, эски лифтти демонтаждоо жана жаңысын орнотуу, ошондой эле… Кененирээк…

Стилисттер күзүндө гардероб үчүн керектүү буюмдарды аташты

Стилисттер күзүндө гардероб үчүн керектүү буюмдарды аташты. Алсак, күнүмдүк образ үчүн жакет жана пальто зарыл болуп саналат. Адистер бул кийимдердин оверсайс вариантына көңүл бурууну сунуштайт. Мындан тышкары, эксперттер бели жогору джинсы шымдарды, ошондой эле шиш такалуу булгаары өтүктөрдү же таманы чоң ботинкаларды сатып алууга кеңеш… Кененирээк…

Бийлик беш жыл ичинде бардык абактарды Бишкектин сыртына көчүрүүнү пландоодо

  Бийлик беш жыл ичинде бардык абактарды Бишкектин сыртына көчүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу премьер-министр Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, мындай чечимдин кабыл алынышына жаза өтөө мекемелеринин заманбап талаптарга жооп бербегени, ошондой эле эл жыш отурукташкан аймактарда жайгашкандыктан коомдук коопсуздукка коркунуч келтиргендиги себеп болду. Жапаров белгилегендей,… Кененирээк…

Баткенде алгач ижарага алып, кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен турак жай курулат

Баткен облусунда алгач ижарага алып, кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен турак жай курулат. Тиешелүү чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынды. Үйлөр чек арага жакын аймактарда жайгашат. Бул максатта Мамлекеттик ипотекалык компанияга 200 миллион сом бөлүү сунушталды. Мындан тышкары, Аймактарды өнүктүрүү кеңешине айылдарды аныктоо жана жаңы турак-жайга… Кененирээк…