“Арсенал” футбол клубунун башкы машыктыруучусу коронавируска кабылды

“Арсенал” футбол клубунун башкы машыктыруучусу коронавируска кабылды. Курама команданын маалымат кызматы билдиргендей, Микель Артетанын анализи оң көрсөткүчтө. Мындан улам команданын бардык оюнчулары жана Артета менен байланышта болгондор үй карантинине алынды. Буга карабастан ушул жумада өтүүчү Англиянын футбол чемпионаты белгиленген убактан эрте уюштурулат. Эске салсак, буга… Кененирээк…

Франциядан коронавирустун айынан бардык билим берүү мекемелери жабылат

Франциядан коронавирустун айынан бардык билим берүү мекемелери жабылат. Жарлыкты өлкө президенти Эмманюэль Макрон чыгарды. Ал сыналгы аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө кеп, бала бакча, мектеп жана жогорку окуу жайлары тууралуу болуп жатат. Ошондой эле өлкө башчы ишкана жетекчилерине кызматкерлердин иш тартибин кыскартуу керектигине буйрук берди. Ал эми… Кененирээк…

Казакстанда коронавирусун жуктуруп алган 2 жаран катталды

Казакстанда коронавирусун жуктуруп алган 2 жаран катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов билдирди. Маалыматка ылайык, вирусту жуктуруп алган жарандар Германиядан келишкен. Учурда алар Алматыдагы инфекциялык стационарга жаткырылды. Учурда аларда клиникалык белгилер жок, абалы жакшы. Эске салсак, буга чейин Казакстандын санитардык башкы дарыгери Жандарбек Бекшин… Кененирээк…

Кыргызстанда жума намаздын убактысы кыскарды

Кыргызстанда жума намаздын убактысы кыскарды. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматына ылайык, мындан ары мечиттерде Курандын кыска сүрөөлөрү окулат. Мындай чара мечитте чогулган жарандарды имаратта көп убакытка кармабаш үчүн жасалып жатат. Иштер коронавирустун алдын алуу максатында жүрүүдө.

Сауд Арабияга умрага барган 651 Кыргызстандык мекенине келди

Сауд Арабияга умрага барган 651 Кыргызстандык мекенине келди. Бул тууралуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров билдирди. Анын айтымында, Сауд Арабия аба майданын жапкандыктан жандар өлкөдөн чыга албай калган. Кичи ажылыкка жалпысынан 654 жаран барган. Алардын 651и келди. Учурда үчөө ал жакта. Алардын… Кененирээк…

Эми өкмөт аппаратынын кызматкерлери коронавирус жугуу коркунучу бар өлкөлөргө чыкпайт

Эми өкмөттүн аппарат, министрлик жана ведомстволордун кызматкерлери коронавирус жугуу коркунучу бар өлкөлөргө чыкпайт. Тиешелүү буйрукту премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмүнөн билдиришти. Белгилүү болгондой мындан ары чет жерге чыгуу мүмкүнчүлүгү маанилүү республикалык деңгээлдеги иш-чараларга гана  катышууга уруксаат берилет. Барчу өлкөлөр эпидемиалогиялык абалына… Кененирээк…

Коронавирустун айынан дүйнөлүк тасмалар өз убагында көрүүчүлөргө тартууланбайт

Коронавирустун айынан дүйнөлүк тасмалар өз убагында көрүүчүлөргө тартууланбайт. Март жана апрель айларында “Мулан”, “Жаңы мутанттар” жана “Бугулар мүйүзү” тасмалары жүгүртүүгө чыкмак. Deadline басылмасы билдиргендей, тасмалар качан кино сүйүүчүлөргө тартууланаары белгисиз. Кино аналитиктердин айтымында, “Мулан” мультипликациялык тасмасы болжол менен алгачкы күндөрүндө эле 90 миллион доллар тапмак.… Кененирээк…

Ушул ай башынан бери 11 көчөнүн чуңкурлары оңдолду

Ушул ай башынан бери 11 көчөнүн чуңкурлары оңдолду. Мэриядан билдиришкендей, иштерге “Бишкек асфальт сервис” ишканасынын 6 бригададан турган кызматкерлери, 8 атайы техника тартылды. Белгилеп кетсек, оңдоп-түзөлө турган тилкелердин тизмеси коомчулуктан түшкөн арыздар жана комиссиялык текшерүүлөрдөн кийин аныкталды. Ремонтко муктаж жолдор тууралуу маалыматтарды сүрөт жана видео… Кененирээк…

Кыргызстандык 52 аскер Москвадагы парадга катышат

Кыргызстандык 52 аскер Москвадагы парадга катышат. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, учурда калкты тейлөө борборунда Улуттук гвардия аскерлеринин документтери даярдалып жатат. Биздин аскерлер Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган иш-чарага катышмакчы. Эске салсак, Кыргызстандын 3 ардагери да кызыл аянттагы иш-чарага күбө болот. Алардын жол чыгымдарын… Кененирээк…

Коронавирус пандемиясы качан бүтөөрү айтылды

Коронавирус пандемиясы качан бүтөөрү айтылды. Эгер вируска каршы катуу чаралар көрүлсө, ал жай айларында токтой турганын Кытайдын Саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитети жарыялады. Маалыматта, вирус бүт дүйнө боюнча июнь айына чейин тарайт. Ооруп айыккандар арасында вирус экинчи ирет жугуу коркунучу аз. Белгилеп кетсек, COVID-19 өткөн жылдын… Кененирээк…