Meta жок нерсени бар кылып сездирген кол каптын видеосун жарыялады

Кол каптын алаканга жана манжалардын ички бөлүгүнө тийген жерлери атайын иштеткилер (привод — ред.) менен жабдылган. Аны Reality Labs бөлүмү иштеп чыкканы айтылган. VR кол (виртуалдуу) капты кийгенден кийин кандайдыр бир буюмду кармап же аны сылап жаткандай сезимдерди бере алат. Колду тийгизгенде объект алаканды кысып… Кененирээк…

Пандемияда кызыктуу вакансиялар пайда болууда

Пандемияда кызыктуу вакансиялар пайда болууда.   Санкт-Петербургда QR код контролерлору талап кылынууда. Азырынча жалпы реестрде  мындай кесип жок. Ошондуктан электрондук кулактандырууларда кызматкерлер — маселен, кароолчу-контролёрлор деп аталат.   Алардын милдеттерине келген адамдарды тосуп алуу жана алардын ковидге каршы документтерин текшерүү кирет. Буга чейин мындай вакансия… Кененирээк…

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртууга 25 миллион доллар багытталат

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртууга 25 миллион доллар багытталат.   Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, АКШнын Айыл-чарба департаменти биздин өлкөдө 5 жылдык программаны ишке киргизди. Долбоордун алкагында 400 мектепке акысыз негизде 4 тонна азык-тулүк тапшырылат.   Андан тышкары, мектеп ашканаларындагы инфраструктура алмаштырылып, жабдуулар жаңыртылат.

Бишкектин Арча-Бешик конушунда мектептин курулушу 65 пайызга аяктады

Бишкектин Арча-Бешик конушунда мектептин курулушу 65 пайызга аяктады.   Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектеп 500 окуучуга чакталат.   Учурда ички жасалгалоо, сантехникалык, жылуулук системаларын орнотуу иштери аткарылып жатат.   1 миллион 230 миң долларды курулуш иштерине Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп… Кененирээк…

Россияда кылмыштын кызыктуу жана таң калычтуу түрү катталды

Россияда кылмыштын кызыктуу жана таң калычтуу түрү катталды. Тихвин шаарында коронавирустан эмдөө түйүнүн уурдап кетишти. Кылмыш өткөн эс алуу күндөрү катталды, унаа учурга чейин табыла элек.   Анын сырты толугу менен вакцинацияга чакырыктар менен чапталганы айтылат. Уурдалган атайын техниканын баасы 4 миллион рублду түзөт.

Министрлер кабинетинде абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам комиссия түзүлдү

Министрлер кабинетинде абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам комиссия түзүлдү.   Анын жетекчиси болуп Бишкек мэри Айбек Жунушалиев дайындалды. Жаңы түзүм жарандардын ден-соолугун коргоого жана абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүүгө чараларды иштеп чыгуу үчүн түзүлдү. Комиссия ошондой эле аба булгануунун себептерин аныктайт.

Беш жылдан бери жабык турган Улуттук тарых музейи 20-ноябрда ачылат

Беш жылдан бери жабык турган Улуттук тарых музейи 20-ноябрда ачылат. Бул тууралуу Маданият министри Азамат Жамангулов жарыялады. Анын айтымында, каалоочулар 30-ноябрга чейин музейге акысыз кире алат.   Эске салсак, Тарых музейинде оңдоо иштери 2016-жылы башталган. Калыбына келтирүү жумуштарын аткаруудагы коррупциялык бузуулардан улам анын расмий ачылышы… Кененирээк…

Окумуштуулар идеалдуу кучакташуу канча убакытка созулушу керектигин аныкташты

Окумуштуулар идеалдуу кучакташуу канча убакытка созулушу керектигин аныкташты. Лента.рунун маалыматына ылайык, Голдсмит университетинин профессорлору 48 ыктыярчыга изилдөө жүргүзүшкөн.   Анда кучакташуунун ар кандай ыкмасы жана узактыгы сыналган. Жыйынтыгында, 5-10 секундка кучакташуу адамга эң чоң ырахатты алып келе турганы аныкталды.

Бишкек мэриясы зыяндуу заттарды өрттөгөндөр жоопкерчиликке тартыла турганын эскертет

Бишкек мэриясы зыяндуу заттарды өрттөгөндөр жоопкерчиликке тартыла турганын эскертет.   Муниципалитеттен белгилешкендей, пластик, резина буюмдарын, тигүү цехтеринин таштандысын өрттөп же отун катары жагып жаткандар аныкталса, 7 миңден 23 миң сомго чейин айып салынат.   Белгилеп кетсек, Бишкекте соңку жылдары кыш башталганы шаарды кара түтүн каптап,… Кененирээк…

Бишкекте коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөр үчүн атайын арзандатуулар берилет

Бишкекте коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөр үчүн атайын арзандатуулар берилет. Свердлов районунун акимиаты ишкерлер менен калкты эмдөө боюнча иш алып барууда.   Анын алкагында, вакцина алгандарга борбордогу айрым кийим-кече саткан дүкөндөрдө, айрым кафелер менен чач-тарачтарда 10 пайызга чейин арзандатуулар берилет. Товар жана кызматтарга жеңилдик алуу үчүн… Кененирээк…