Кыргызстанда мартта туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыргызстанда мартта туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Синоптиктер шашылыш билдирүү таратат. Бүгүн тартып, 19-мартка чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында маалы менен кар жаайт. Суу кар линияларга жана бактарга жабышат. Жолдордо муз тоңуп, кар күрткүсү пайда болот. Эртең батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Мындай… Кененирээк…

Жалал-Абадда азык-түлүк жарманкеси өтөт

Жалал-Абадда азык-түлүк жарманкеси өтөт. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, арзандатылган соода аянты ар ишембиде калаадагы «Береке» базарында уюштурулат. Анда дыйкандар, ата мекендик өндүрүүчүлөр өздөрүнүн азыктарын дүң баада сатышат. Жарманкеден тургундар эт, сүт азыктарын жана жашылчаларды алса болот

Президент Садыр Жапаров референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Өлкө башчы аппаратынан билдиришкендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Референдумду жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен бирге 11-апрелде өткөрүү сунушталган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Өлкөнүн шаардык кеңештерине 56 партия ат салышат

Өлкөнүн шаардык кеңештерине 56 партия ат салышат. Боршайкомдун маалыматына ылайык, ордо калаа кеңешин шайлоого 25 саясий уюм катышса, Ошто 9 партия жарышка аттанды. Учурда шаардык кеңешке катышкандарга үгүттөө өнөктүгү жүрүп жатат. Ал эми айыл аймактык агитациялоо кампаниясы 22-мартта старт алат. Эске салсак, добуш берүү 11-апрелге… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстан экономикасы 6 пайызга жогорулайт

Быйыл Кыргызстан экономикасы 6 пайызга жогорулайт. Мындай алдын-ала болжолдоону Улуттук Банктан беришти. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, жыйынтык жакында эле коңшу өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдин алкагында белгилүү болот. Адистер белгилешкендей, азык-түлүктүн жана күйүүчү материалдардын баасы жогорулашын токтотуу боюнча дагы чаралар көрүл жатат.