Баткенде улуттук ат оюндар үчүн ипподромдун курулушу башталды

Баткенде улуттук ат оюндар үчүн ипподромдун курулушу башталды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, спорттук аянтча Халмион айылында жайгашат. Жергиликтүү бийлик акыркы кезде ат оюндарына, анын ичинде көк бөрүгө кызыккандардын саны көбөйүп, ошол себептен ипподром куруу чечими кабыл алынганын белгиледи.

Кыргызстан Казакстан менен Россияга балык экспортун көбөйттү

Кыргызстан Казакстан менен Россияга балык экспортун көбөйттү. Айыл чарба министрлигинен такташкандай, былтыр беш миң тонна форель, сазан жана ак балык чет өлкөгө кеткен. Мамлекет балык өстүрүү үчүн жасалма жана табигый суу сактагычтардын санын көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Бул учурда дыйкандар өстүрүлгөн балыктын көлөмүн 30 миң тоннага чейин… Кененирээк…

Сузакта селдин кесепетинен 20дан ашык үй жараксыз абалга кептелди

Сузактагы турак үйлөрдү сел калдыктарынан тазалоо иштери аяктап калды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилеп кетсек, ушул жылдын 4-майында жааган жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун бир нече айылдарында сел жүрүп, жалпы 907 турак үйгө суу кирген. Кырсык катталган күндөн… Кененирээк…

Ысык-Көлдө туристтик сезондун расмий ачылышы 13-майда болот

Ысык-Көлдө туристтик сезондун расмий ачылышы 13-майда болот. Бул тууралуу novosti.kgге Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Бул күнү маданий программа, көргөзмөлөр, жарманкелер, этникалык оюндар жана сынактар ​​пландаштырылууда. Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстандын туристтик потенциалын эл аралык коомчулукка көрсөтүү.

Индияда эже-сиңдилер биргелешкен үйлөнүү тоюнда бири-биринин күйөөлөрүнө турмушка чыгып алышты

Индияда эже-сиңдилер биргелешкен үйлөнүү үлпөт тоюнда кокусунан бири-биринин күйөөлөрүнө турмушка чыгып алышты. Буга электр энергиясынын өчүрүлүшү себеп болгон. Ыңгайсыз жагдайга карабастан, дин кызматкери аземди уланта берген. Келиндердин атасынын айтымында, эки аял тең кызыл түстөгү көйнөк кийип, жүздөрүн паранжа менен жаап алганы баш аламандыкка алып келди.… Кененирээк…

Бишкекте тосмолорду алуу иштери уланууда

Бишкекте тосмолорду алуу иштери уланууда. Мэриядан билдиришкендей, учурда иштер Биринчи май районунда жүрүүдө. Маалыматка ылайык, акимчиликтин кызматкерлери “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз тосмолорду алуу боюнча иштерди азыркыдан да күчөтөт.

Стилдүү көрүнүүнүн үч ыкмасы аталды

Стилдүү көрүнүүнүн үч ыкмасы аталды. Стилисттердин айтымында, ал үчүн бут кийимге, сумкаларга жана аксессуарларга көңүл буруу керек. Бул жайда өтө бийик такалуу жана платформалуу бут кийимдер трендде болот. Бирок, ар бир күн үчүн бут кийим тандап жатканда, биринчи кезекте, ыңгайлуулугу жөнүндө ойлонуу керек. Ошондой эле… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги сентябрда мугалимдер азыркыдан азыраак маяна алаарын эскертти

Билим берүү министрлиги сентябрда мугалимдер азыркыдан азыраак маяна алаарын эскертти. Ведомство буга чейин агартуучулар жогорулатылган айлыкты учурдагы жүктөмдү эске алуу менен алышканын белгиледи. Бирок министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жаңы окуу жылынан баштап мугалимдерге жүк азайтылат. Белгилеп кетсек, апрелде мугалимдердин айлыгы бир топ жогорулап, айрымдар үчүн… Кененирээк…

Украиналык топ Eurovision-2022 ыр сынагынын финалына чыкты

Украиналык «Калуш Оркестра» тобу эл аралык Eurovision-2022 музыкалык сынагынын финалына чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды. Алардын аткаруусундагы «Стефания» деген ырды топтун солисти Олег Псюк өзүнүн энесине арнаган. Бул чыгарма Украинадагы согушка чейин эле жазылган. Быйыл сынак Италиянын Турин шаарында өтүп жатат. Украиналык топ сахнага чыкканда… Кененирээк…

Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтына дээрлик 200 миң гүл отургузулду

Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтына дээрлик 200 миң гүл отургузулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан 10дон ашык гүлдүн түрү тигилди. Эгер гүл уурдалып, сынып же куурап кала турган болсо, кайра отургузуу үчүн 10 миң гүл резервге алынды.