Баткен облусунун 4 шаарынын тургундары таза сууга мүмкүнчүлүк алышат

Баткен облусунун 4 шаарынын тургундары таза сууга мүмкүнчүлүк алышат. Өкмөттүн аталган аймактагы ыйгарым өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, суу түтүктөрүн өткөрүү Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Исфанада жүргүзүлөт.   Бул максатта каражатты Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк жана Евробирикме бөлүп берген. Долбоорду ишке ашыруунун баасы… Кененирээк…

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, коронавирус өлкө аймагында катталган жок.   Ведомстводон белгилешкендей, атайын лаборатория анализдерди жүргүзүүгө даяр, андан тышкары, Россиядан ооруну тез арада аныктоочу 500 тест-система алынып келинген. Кыргызстанга кирген ар бир жаран тепловизор менен текшерилип жатат.   Ал эми… Кененирээк…

АФК кубогунун квалификациялык беттеши болбой калды

АФК кубогунун квалификациялык беттеши болбой калды. Оюн бүгүн Жалал-Абадда өтүп, анда Кыргызстандын “Нефтчи” клубу менен түркмөнстандык “Ахал” кез келмек. Бирок биздин команданын атаандашы келбей койду.   Бул боюнча акыркы чечимди Азиялык футбол конфедерациясы кабыл алат. Кошумчалап кетсек, жооптуу оюн Ашхабадда 12-февралда өтмөк.

Мамлекеттик салык кызматы кыргызстандыктарды декларацияны өз маалында тапшырууга чакырат

Мамлекеттик салык кызматы кыргызстандыктарды декларацияны өз маалында тапшырууга чакырат. Эске салсак, 1-мартка чейин кирешеси тууралуу отчетторду юридикалык жактар, ал эми 1-апрелге чейин бардык физикалык жактар, мамлекеттик кызматкерлер жана жеке ишкерлер  бериши керек.   Декларацияны өз убагында тапшырбагандар 1 миң сомдон 5 миңге чейин айып төлөөгө… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринин дээрлик бардыгына Интернет өткөрүлгөн

Кыргызстан мектептеринин дээрлик бардыгына Интернет өткөрүлгөн. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, учурда дүйнөлүк желеге мектептердин 99 пайыза кошулган. 2018-жылы эле бул көрсөткүч 67 пайызды түзүп келген. 91 мектепке инновациялык деген макам берилди.   Алардын 30у лабораториялык, мультимедиалык, кеңселик жана окуу жабдуулары, атайын… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө дале узун кезектер жаралууда

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө дале узун кезектер жаралууда. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда анда 50гө жакын машине токтоп турат.   “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу машинелердин узун кезеги 7-январдан баштап байкалган.   Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, казак тараптын чек ара… Кененирээк…

14-февраль Махабат күнүнө карата эң популярдуу багыттар аталды

14-февраль Махабат күнүнө карата эң популярдуу багыттар аталды. Рейтингди  OneTwoTrip туристтик издөө порталынын адистери түздү. Ага ылайык, түгөйлөр бул күндү майрамдоого көбүнчү Рим шаарын тандашат.   Бул шаарга брондолгон билеттердин саны бир жылда 50 пайызга өстү. Андан кийин Бангкок жана Будапешт турат. Ошондой эле, бешилтикке… Кененирээк…

Убактылуу айдоочу күбөлүктөрүн алмаштырууга жетишпей калгандарга айып салынат

Убактылуу айдоочу күбөлүктөрүн алмаштырууга жетишпей калгандарга айып салынат. Мамлекеттик каттоо кызматынан эске салышкандай, алардын мөөнөтү 15-февралда соңуна чыгат.   Туруктуу документке алмаштыра элек айдоочулар, күбөлүгү жок катары айып төлөөгө аргасыз болот. “Унаа” мамлекеттик ишканасы кадимки режимде иштеп, документ алмаштырууга арыздарды кабыл алууда.

Жогорку Кеңеш премьер-министр сунуштаган талапкерлерди колдоду

Жогорку Кеңеш премьер-министр сунуштаган талапкерлерди колдоду. Вице-премьерликке көрсөтүлгөн Эркин Асрандиевге   99 депутат “макул” деген добуш берсе, бирөө “каршы” болду.   Ал эми өзгөчө кырдаалдар министрине сунушталган Замирбек Аскаровду 100 депутат колдоп, бирөө каршы чыкты. Асрандиев кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп келген.   Кызматка дайындалгандан кийин… Кененирээк…

Кытайдын Ухань шаарында калган кыргызстандык студенттерге жардам көрсөтүлдү

Кытайдын Ухань шаарында калган кыргызстандык студенттерге жардам көрсөтүлдү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, биздин өлкөнүн өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери алардын жатаканасына азык-түлүк жеткирип берди.   Андан тышкары, Кытайдын башка аймактарынан келген кыргызстандыктарды Үрүмчүдө жайгашуусуна көмөк көрсөтүлүүдө. Дипломатиялык өкүлчүлүк күнү-түнү иштеп жатат. Жарандарга кырыгз-кытай чек арасы жана аба каттамдар… Кененирээк…