Бишкектин айрым аймагында эртең таза суу жок болот

Бишкектин айрым аймагында эртең таза суу жок болот. Мэриянын маалыматына ылайык,  эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин суу Ахунбаев, Токтоналиев, Шакиров, Чыңгыз Айтматов көчөлөрүн жана Ала-Арча дарыясын бириктирген бөлүктө өчүрүлөт.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкекте 1-майдан тарта фонтандар иштеп баштайт

Бишкекте 1-майдан тарта фонтандар иштеп баштайт. “Тазалыктын” басма-сөз кызматынан бизге билдиришкендей, адистер суу оргумаларын толук тазалап, жаңы сезонго даярдашты.   Кошумчалап кетсек, ордо калаа муниципалитетинин балансында жалпысынан 16 фонтан комплекси бар. Алар шаар тургундарын кеч күзгө чейин кубандырат.

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берилет

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берилет. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 146 Улуу Ата Мекендик согуш ардагери жашайт.   Алардын катарында, согуштун майыптары, концлагер туткундары, Ленинград блокадачылары, оруктун эмгекчилери, эмгек армиячылары жана согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсү бар.… Кененирээк…

Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен курулуп жаткан 4 мектеп жайга чейин колдонууга берилет

Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен курулуп жаткан 4 мектеп жайга чейин колдонууга берилет.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, кеп Нарын облусундагы Бугучу айылындагы, Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Ата айылындагы жана Ош облусундагы Маданият, Чек-Абад айылдарындагы мектептер тууралуу болуп жатат.   Ар бир билим берүү мекемеси … Кененирээк…

Пекин шаары миллиардерлердин борбору

Пекин шаары миллиардерлердин борбору. Forbes басылмасынын маалыматына ылайык, Кытайдын ордо калаасында ашкере бай адамдардын саны 133кө жетти. Экинчи орунда 106 миллиардер менен Нью-Йорк жайгашат.   Пекиндин эң бай тургуну Чжен Иминь, ал TikTok компаниясына ээ болгон ByteDance компаниясынын негиздөөчүсү. Анын байлыгы 35 миллиард 6 миллион долларга… Кененирээк…

Бишкекте “Спутник V” вакцинасы менен эмдөө №2, 6 жана 7 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлүүдө

Бишкекте “Спутник V” вакцинасы менен эмдөө №2, 6 жана 7 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, россиялык препарат 65 жаштан жогорку жана тубаса оорулары бар болгон жарандарга гана жеткиликтүү.   Башка каалоочуларга кытайлык “Синафарм” вакцинасы менен эмдөө жасалат.   Эске салсак, Кыргызстанга… Кененирээк…

Кыргызстанда ушул жылдын ортосунда азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттайт

Кыргызстанда ушул жылдын ортосунда азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттайт. Мындай божомолдорду Улуттук банк берди. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, бирок баалар кайра турукташат.   Мындай көрүнүш бүт дүйнө боюнча катталат. Баалардын көтөрүлүшү инфляцияга алып келет. Өткөн жылы инфляция 10 пайыздан ашкан. Эксперттердин божомолунда абал жыл аягында… Кененирээк…

Бишкекте 14 кабаттуу үйдү салууга уруксат мыйзамсыз берилгени аныкталды

Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы курулуш тармагынан мыйзам бузуу фактысын таап чыкты. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди. «Бишкек башкы архитектура» ишканасы көп кабаттуу үйлөрдү кургандардын уруксат кагаздарын жана долбоорлоо документтерин текшерип чыккан.   «Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза… Кененирээк…

Time басылмасы эң таасирлүү компанияларды тизмектеди

Time басылмасы эң таасирлүү компанияларды тизмектеди. Рейтинг түзүүдө кайсы фирмалар келечекке таасир тийгизе алат деген критерий каралды. Жыйынтыгында лидерлердин катарында — Facebook,  Twitter, TikTok, Zoom компаниялары бар.   Ошондой эле, тизмеге Amazon, Apple, Google жана Microsoft сыяктуу ири компаниялар кирди.

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү бекеттеринде убактылуу чектөөлөр киргизилет

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү бекеттеринде убактылуу чектөөлөр киргизилет. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей,  1-майдан 4-майга чейин андан жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөйт.   Бул Кытайда Эмгек күнү майрамдалганына байланыштуу. Түйүндөр кадимки режимде ишин 5-майда жандантат.