Быйыл Нур-Султан шаарында 5G интернет түйүнү ишке кирет

Быйыл Нур-Султан шаарында 5G интернет түйүнү ишке кирет. Бул тууралуу  санариптик өнүгүү министрлигинен билдиришти. Бешинчи муундагы түйүнгө өтүүгө өлкө аймагындагы байланыш операторлору даяр. Жаңычылдыкты кийинки жылга чейин республиканын башка шаарларына да киргизүү пландалууда. Ал эми 2025-жылга чейин бардык облус борборлору камтылат, — деп кошумчалашты ведосмтводон.… Кененирээк…

Бишкекте рульдагы айымдарга гүлдестелер тартууланып жатат

Бишкекте рульдагы айымдарга гүлдестелер тартууланып жатат. Бул тууралуу novosti.kgге милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Кызматкерлер ордо калаанын 4 районуна бөлүнүп, унаа башкарган айымдарга 8-март майрамына карата гүлдестелерди жана таттууларды ыйгарышууда. Эске салсак, мындай иштер салтка айлангандай жыл сайын аткарылып турат.

Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды

Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды Маалыматка ылайык, Минск шаарындагы мелдеште узундукка секирүү боюнча… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болду

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болду. Эми компьютер аркылуу дагы аудио жана видео чалууларды жүргүзүү мүмкүн. Бирок учурда бир гана адамга чалса болот, келечекте топтук чалууларды дагы ишке киргизүү пландалууда. Кошумчаласак, WhatsApp мессенджеринин компьютер үчүн тиркемеси 2016-жылы чыккан. Бирок андан аудио жана видео чалуулар мүмкүн… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда эки үй-бүлөлүк медициналык борбор пайда болот

Ысык-Көл облусунда эки үй-бүлөлүк медициналык борбор пайда болот. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, медициналык мекемелер Түп районунун Санташ жана Кутургу айылдарына туура келет. Эки долбоорду ишке ашырууга 34 миллион сом керектелет. Сумма чет элдик донор тарабынан бөлүнөт. Ошондой эле мекемелерди жабдуулар менен камсыздоо иштери да чет… Кененирээк…