Шашылыш билдирүү: өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Бүгүн күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 14-15-май аралыгында Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын… Кененирээк…

Өкмөт мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын жыл сайын 20% жогорулатып турууну убадалады

Өкмөт мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын жыл сайын 20 пайызга жогорулатып турууну убадалады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көлдүн Түп районундагы мектептин мугалимдери жана жашоочулары менен жолугушууда билдирди. Ал ишендиргендей, 1-июндан тарта аз камсыз үй-бүлөнүн балдарына жөлөк пулдун көлөмүн 850 сомдон 1200 сомго чейин… Кененирээк…

Кыргызстанга билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштөр 15 млн доллар грант бөлөт

Кыргызстанга билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштөр 15 миллион доллар грант бөлөт. Бул тууралуу макулдашууга Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин АКШга иш сапарынын жүрүшүндө жетишилди. Анда билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн өкүлдөрү Кыргызстандын билим берүү системасын жакшыртууга кызыктар экенин, ошондой эле тармактын потенциалын күчөтүүгө кошумча 1… Кененирээк…

Ысык-Көлдө жөө күлүктөрдүн эл аралык марафону старт алды

Ысык-Көлдө жөө күлүктөрдүн эл аралык марафону старт алды. Ага Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы катышууда. Жалпысынан 22 өлкөдөн келген дээрлик 3 миң жөө күлүк күчүн сынашууда. Марафондун байге фонду 1 миллион 500 миң сомдон ашык. Белгилеп… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда. Мэриянын маалыматына караганда, эскертүүлөр боюнча шаардыктар өз ыктыяры менен мейманканалардын чарбалык курулушун, сейил бактардагы күркөлөрдү, контейнерди алышты. Мындан тышкары, “Ынтымак” сейил багындагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү толугу менен тазалоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле реконструкциялануучу көчөлөрдү бошотуу боюнча активдүү иштер жүрүүдө.