Кыргыз-кытай чек арасын ачуу маселеси коронавирус боюнча абалга көз каранды болот

Кыргыз-кытай чек арасын ачуу маселеси коронавирус боюнча абалга көз каранды болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди. Ал эске салгандай, чек арадан адамдарды, транспортту жана жүктү өткөрүүдө киргизилген чектөөлөр убактылуу.   Чек ара жабылгандан кийин Кыргызстанга кирген Кытайдын жарандарында буга чейин… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңешке шайлоо алдында жарандардын массалык түрдө каттоого туруусу дагы эле байкалууда

Жергиликтүү кеңешке шайлоо алдында жарандардын массалык түрдө каттоого туруусу дагы эле байкалууда. Генералдык прокуратуранын маалыматына ылайык, Ошто Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү ээсинин уруксааты жок эле, анын үйүнө жарандарды каттап койгон.   Алсак, бир турак-жайга 900дөн ашык адам катталган. Ээси болсо, андан кабары жок. Ал эми… Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтерин көтөрүү пландалган жок

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтерин көтөрүү пландалган жок. Буга “Азаттыкты” Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинен ишендиришүүдө. Ведомстводон белгилешкендей, алдыдагы 2 жылда тарифтер жогорулабайт.   Кыргызстанда  700 кВт саатка чейин колдонулган электр энергиясынын 1 кВт сааты 77 тыйын, андан ашса 2 сом 16 тыйын деп… Кененирээк…

Карантинге алынган круиздик лайнердеги кыргызстандык Япониянын улуттук госпиталына жаткырылды

Карантинге алынган круиздик лайнердеги кыргызстандык Япониянын улуттук госпиталына жаткырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.   Ал белгилегендей, мекендештин абалы жакшы. Коронавирустун белгилери анда аныкталган жок. Кыргызстандык жаран карантинге анын жанындагы адамда вирус аныкталган үчүн эле алынды, — деди Абдрахманов.  … Кененирээк…

Өтүп кеткен жылы банктар дээрлик  10 миң жеңилдетилген насыя беришти

Өтүп кеткен жылы банктар дээрлик  10 миң жеңилдетилген насыя беришти. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы берилген сумма 5 миллиард сомду түздү.   Насыялардын көбү мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүүгө багытталган. “Айыл-чарбаны каржылоо” долбоорунун алкагында кредиттер 6,8 жана 10 пайыз менен берилип жатат.

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоого 24 миңден ашык адам тартылат

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоого 24 миңден ашык адам тартылат. Бул тууралуу биздин радиого Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын бардыгы менен келишим түзүлдү.   Каттоочулар 10 күн бою өлкөнүн бардык аймактарынан маалыматты чогултушат. Эске салсак, Кыргызстанда калкты жана турак-жай фондун каттоо 23-мартта… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирусту аныктоо үчүн тест-системалар жетиштүү

Кыргызстанда коронавирусту аныктоо үчүн тест-системалар жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин Россия 2,5 миң, Түркия 100 даана система тапшырган.   Жакынкы күндөрү алардын дагы партиясы жеткирилиши күтүлүүдө. Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Коронавирус өлкө аймагында катталган жок. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Коррупцияга шектелип Каржы полициясынын бөлүм башчысы жана салык кызматкери кармалды

Коррупцияга шектелип Каржы полициясынын бөлүм башчысы жана салык кызматкери кармалды. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, кармалгандар ЕАЭБ мамлекеттеринен Кыргызстанга товарды салык төлөмү жок эле киргизүү боюнча схема түзүп алышкан.   Алар убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Тергөө жүрүүдө.

Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерге сүйлөшүүлөр өтүп жатат

Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерге сүйлөшүүлөр өтүп жатат. Ага Кыргызстандын жана Тажикстандын премьер-министрлеринин орун басарлары Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим катышууда. Кошумчаласак, кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын  60 пайызы дагы эле тактала элек. Эки өлкө жарандары ортосунда буга чейинки жаңжалдар… Кененирээк…

Россиядагы эң бай айым аталды

Россиядагы эң бай айым аталды. Forbes басылмасынын версиясы боюнча  ал интернет-дүкөндүн ээси Татьяна Бакальчук. Ишкер айымдын акчасы  учурда 1,4 миллиард доллар деп бааланат. Анын компаниясы товарларды ээлерине 6 миң 300 жерден жеткирет. Алар Кыргызстан, Белоруссия, Казакстан, жана Арменияда ачылган. Кошумчаласак, буга чейин рейтингдин сап башында Елена… Кененирээк…