Ош шаарында 150 комузчу “Маш ботойду” күүсүн чертти

Ошто Комуз күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, маданият ишмерлери, шаардык маданият башкармалыгынын, Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын, “Келечек” балдар чыгармачылык үйүнүн музыкалык жамааттары, шаар тургундары жана жаштар катышты. Иш-чаранын алкагында Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа… Кененирээк…

Унаага салык төлөө фактысын Carcheck кызматы аркылуу текшерүүгө болот

Унаага салык төлөө фактысын Carcheck кызматы аркылуу текшерүүгө болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Мекеме системага өзүнүн маалымат базасын киргизүүнү пландаштырууда. Салык органдары муну жакын арада ишке ашырууну көздөп жатат. Жаңы функциянын ишке кириши менен жарандык көзөмөл күчөйт деп күтүлүүдө. Мындан тышкары, айдоочулардын салык… Кененирээк…

Бишкек жана Ош шаарларында көп функционалдуу миграция борборлору ачылат

Бишкек жана Ош шаарларында көп функционалдуу миграция борборлору ачылат. Эмгек министрлигинен билдиришкендей, алар Россияга иштегени кеткен кыргызстандыктарга юридикалык жардам көрсөтүшөт. Борборлордо мигранттар манжа изин, керектүү медициналык маалымкаттарды ала алышат. Бул жарандарга Москвада милдеттүү процедуралардан өтүүдө убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Мамкурулуш жаңы объекттерди курууга мораторий киргизүүнү сунуштоодо

Мамлекеттик курулуш агенттиги жаңы объекттерди курууга мораторий киргизүүнү сунуштоодо. Ведомство башчысы Нуртазин Жетыбаевдин айтымында, учурда Кыргызстанда мектеп, оорукана, бала бакчаларды кошкондо 400гө жакын узак мөөнөттүү курулуштар бар. Чиновник белгилегендей, ай сайын тизмеге курулушуна каражат жетишсиз болгон жаңы имараттар кошулуп жатат. Мындан улам министрлер кабинетине объекттерди… Кененирээк…

Жалал-Абадда кутурма оорусуна каршы текшерүү иштери күчөтүлдү

Жалал-Абадда облустук эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын отуруму өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. «Жыйында облус аймагынан Базар-Коргон районунда эпидемиялогиялык жана эпизоотиялык кырдаал туруктуу эмес экени белгиленди. Ушул жылдын сентябрь айынын башында райондун Базар-Коргон шаарына караштуу Сай-Коргон айылынын тургуну кутурма… Кененирээк…

Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды

Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, Жогорку Кеңеш 7-сентябрда аталган министрлик кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин бир добуштан колдогон. Ал буга чейин министрдин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбековдун ордуна келди. Июнь айында убактылуу ишинен четтетилген мурдагы… Кененирээк…

Казань жана Санкт-Петербург шаарларында Кыргызстандын консулдугу ачылат

Россиянын Казань жана Санкт-Петербург шаарларында Кыргызстандын консулдугу ачылат. Буга байланыштуу сунуш Россияга берилгенин тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди. Белгиленгендей, бул өлкөдөгү кыргыз жарандарынын саны өсүп жатат. Расмий маалымат боюнча, Москвада Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны эмгек мигранты болуп жүрөт.

Жогорку Кеңештин аппаратына жаңы жетекчи дайындалды

Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды. Тиешелүү буйрукка төрага Талант Мамытов кол койду. Мажитов 1976-жылы 20-декабрда туулган. Жогорку юридикалык жана экономикалык билими бар, юридикалык илимдердин кандидаты. Буга чейин Кыргызстан Эл аралык университетинин филиалында окутуучу, Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты, юрист, Жалал-Абад… Кененирээк…

Кытайда уникалдуу робот жасалды

Кытайда уникалдуу робот жасалды. Техника үй жардамчысы гана эмес, жакшы шерик да боло алат. Андроид кофе кайнатат, үй жыйнайт жана чаң сорот. Мындан тышкары, анын чыгармачылык жөндөмү бар. Маселен, ал салттуу Пекин операсынан шоу көрсөтүп, айланасындагыларды ыр-бий менен кубанта алат. Роботтор барган сайын акылдуу жана… Кененирээк…

Кыргызстанда бизнести этап-этабы менен каттоонун нускамасы иштелип чыкты

Экономика министрлиги Кыргызстанда бизнести этап-этабы менен каттоонун нускамасын иштеп чыкты. Ведомстводон билдиришкендей, колдонмодо ПИН-кодду алууга жана юридикалык жактардын ар кандай түрлөрүн андан ары каттоого байланышкан бардык операциялар чагылдырылган. Мындан тышкары, калкты жана ишкерлерди тейлөө борборлорунун даректери, мамлекеттик органдардын иш убактысы тууралуу маалымат, талап кылынуучу документтердин… Кененирээк…