Бишкектик “Дордой” менен түркмөнстандык “Алтын-Асырдын” беттеши белгисиз мөөнөткө жылдырылды
Бишкектик “Дордой” менен түркмөнстандык “Алтын-Асырдын” беттеши белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Мындай чечимди Азиялык футбол конфедерациясы дүйнөдөгү коронавирус боюнча абал курчуп жатканынан улам кабыл алды. Эске салсак, беттеш АФК кубогунун алкагында Бишкекте 11-мартта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтмөк.