Жалал-Абад шаарындагы бала бакчаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарындагы бала бакчаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Шаар мэриясынан билдиришкендей, бүгүн калаа бийлигинин өкүлдөрү мектепке чейинки даярдоо мекемелеринин санитардык абалын текшерип чыкты. Алсак, бакчаларда бөбөктөрдү кабыл алуу боюнча алгоритм иштелип чыккан. Ага ылайык, ар бир тайпада балдардын саны 15-20 болуп, гигиеналык талаптар сакталышы… Кененирээк…

Кыргызстан боюнча 2 миң 100 мектеп кадимки режимде иштеп жатат

Кыргызстан боюнча 2 миң 100 мектеп кадимки режимде иштеп жатат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, көбүнчө Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын мектеп окуучулары парталарга кайтып барышты. Ведомстводон эскертишкендей, мектептерди ачууда аймактын эпидемиологиялык абалы эске алынат.

Бишкекте маршруттук унааларда жол кирени жакынкы аралыкта көтөрүү мүмкүн эмес

Бишкекте маршруттук унааларда жол кирени жакынкы аралыкта көтөрүү мүмкүн эмес. Жүргүнчүлөрдү ташуучулар менен болгон жолугушууда вице-мэр Азиз Алымкулов билдиргендей, бул маселе комплекстүү түрдө каралып, коомдук талкууга чыгарылышы керек. Чиновник сунуштагандай, жүргүнчүлөрдү ташуучулар шаардык унаа башкармалыгына сунуштарды киргизе турган жана эсептерди жүргүзгөн топ түзүшү керек. Эске… Кененирээк…

Кыргызстандан Кытай жана Араб өлкөлөрүнө этти экспорттоо пландалууда

Кыргызстандан Кытай жана Араб өлкөлөрүнө этти экспорттоо пландалууда. Айыл чарба министри Тилек Токтогазиевдин айтымында, Россия, Монголия, Казакстан, Беларусь, Украина жана Польшадан арзан мал алып келип, кайра иштетилген формасында экспортко чыгарылат. Учурда команда иш алып барып жатат. Араб өлкөлөрү менен жумасына 40 тонна эт экспорттоо боюнча келишим… Кененирээк…

Коомдук унаалардын жол акысын көтөрүү маселеси дароо чечилбейт

Коомдук унаалардын жол акысын көтөрүү маселеси дароо чечилбейт. Бул тууралуу вице-мэр Азизбек Алымкулов жүргүнчүлөрдү ташуучулар менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, маселени Бишкек шаардык кеңеш чечет. Ал эми шаардык кеңешке бул тууралуу калаа мэриясынан жарлык түшкөн эмес. Белгилеп кетсек, жол кире акыркы ирет 2012-жылдын апрелинде көтөрүлгөн.… Кененирээк…

Баткен облусунун Чоң-Талаа айылындагы мектепке жеңил конструкциядан кошумча корпус курулат

Баткен облусунун Чоң-Талаа айылындагы мектепке жеңил конструкциядан кошумча корпус курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат. Тендерди аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Бул максатта 9 миллион сом жумшалат. Эске салсак, билим берүү мекемесинин имараты декабрдын башында өрттөнүп кеткен. Анда өкмөт кыска мөөнөттө мектепти калыбына… Кененирээк…

Социалдык фонддун Талас райондук башкармалыгынын жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды

Социалдык фонддун Талас райондук башкармалыгынын жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, кызматкер мекеменин эмгек сапарга сарптала турган бюджеттик каражатын негизсиз менчиктеп алган. Кылмышты жашыруу максатында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө 70 миң сом пара сунуштаган. Шектүү Талас облустук… Кененирээк…

Кыргызстан коронавирусту изилдөө үчүн вакцинанын документтерин алды

Кыргызстан коронавирусту изилдөө үчүн вакцинанын документтерин алды. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, бул америкалык препарат. Жалпысынан биздин өлкө вакцинанын 8 түрүнүн документин карайт жана анын бирин тандап алышы керек. Үсөнбаев белгилегендей, жеткирүү маселесин, сактоо шартын, кандай шприцтер пайдаланылат, муздаткычтын түрүн жана башка… Кененирээк…

Шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы 24-январга чейин жарыяланат

Мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы 24-январга чейин жарыяланат. “Кабарга” БШКдан билдиришкендей, негизинен жыйынтыктар добуш берүүдөн 20 күн өткөндөн кийин белгилүү болот. Бирок, бул жолу шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөн үчүн мөөнөт 14 күнгө кыскарат. Андан тышкары, кол санак 14-январга чейин аяктап калат.

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө  кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 13-январдан 16сына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-100-чакырым аралыгында, Красная Горка – Ак-Таш трассасынын 4-чакырымына чейин кар массасы түшүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңушу күтүлөт. Андыктан, айдоочулар унаалар… Кененирээк…