Салмагы 100 караттан ашык якут алмазы орус вакцинасынын урматына Sputnik V аталды

Россиялык алмаз казуучу “Алроса” компаниясы салмагы 100,53 карат болгон ири сапаттагы алмазга COVID-19га каршы дүйнөдө биринчи катталган вакцинанын урматына “Sputnik V” деген аталыш берди. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүнө таянып дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.   Sputnik V алмазы жалпак октаэдрдин формасына ээ жана салмагы 100,53 карат;… Кененирээк…

Грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтүп жатат

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.   Маалыматта айтылгандай, эки күнгө созула турган мелдеш кечээ, 17-февраль күнү, башталган. Иш-чаранын ачылыш аземинде министр Кайрат Иманалиев белгилүү балбан Канат… Кененирээк…

Карантин эрежелерин бузган япон депутаты партиясынан чыгарылды

Японияда коронавирустун жаңы түрүн алдын алуу иш-чараларына карабастан, түнкү Токиону айланып жүргөн бийликтеги Либерал-Демократиялык партиясынын депутаты Ширасука Такаки өз партиясынан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.   Маалыматка ылайык, маалымат жыйында өкүлдөр палатасынын мүчөсү Ширасука 10-февралда саат 20:00дөн түн ортосуна чейин борбор шаар Токионун Акасака… Кененирээк…

Ат-Башы районунда жеке ишкерлердин демилгеси менен жети орундуу гемодиализ борбору ачылды

Ат-Башы районунда жеке ишкерлердин демилгеси менен жети орундуу гемодиализ борбору ачылды.   Бул тууралуу «Азаттыкка» Ат-Башы районунун акиминин социалдык иштер боюнча орун басары Динара Жунусова кабарлады. Ат-Башы районунун Казыбек айылынын жеке ишкерлери Адыл Кудайбергенов менен Рустам Карыбеков Германиядан 7 жабдуу алып келишип, эки кабаттуу имараттын… Кененирээк…

Уктаганга жардам бере турган музыканын түрлөрү аталды

Уктаганга жардам бере турган музыканын түрлөрү аталды. Түркия окумуштуулары 1,5 миң адамдын реакциясын изилдеп, музыканын таасирин билүүгө аракет кылышты.   Ага ылайык, уйку үчүн хэви-метал жана 1980-жылдардын,  2000-жылдардын хит ырлары идеалдуу экени тастыкталды. Ал эми дабстеп, техно жанрындагы ырлар жүрөк согушун тездетип, уктоого тоскоолдук жаратат.

Кыргызстанда төлөм картасы менен көбүнчө бишкектиктер колдонот

Кыргызстанда төлөм картасы менен көбүнчө бишкектиктер колдонот. Улуттук банктын маалыматына ылайык, ордо калаага бардык накталайсыз төлөмдөрдүн 58 пайызы туура келет.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, бул ордо калаада коммерциялык банктардын бөлүмдөрү көп жайгашканы менен түшүндүрүлөт. Андан тышкары, накталайсыз төлөмдү кабыл ала турган кызматтар дагы… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда гидроэлектрстанцияны куруу темасы кайрадан күн тартибине коюлду

Ысык-Көл облусунда гидроэлектрстанцияны куруу темасы кайрадан күн тартибине коюлду. Улуттук энергохолдингден билдиришкендей, Кыргызстан бул жаатта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.   Каскаддын болжолдуу кубаттуулугу 1 миң 100 мегаватты түзөт. Белгилеп кетсем, Ысык-Кол облусунда ГЭС куруу маселеси   15 жылдан бери көтөрүлүп келет.

Унаа жана жолдор министрлиги Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунда эстакадалык көпүрө жана туннелде ири көлөмдөгү иштерди пландап жатат

Унаа жана жолдор министрлиги Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунда эстакадалык көпүрө жана туннелде ири көлөмдөгү иштерди пландап жатат. Кеп Аралдан Казарманга чейинки тилкедеги 2 көпүрө тууралуу болууда.   Объектилердеги иштердин басымдуу бөлүгү аягына чыкты, эми министрлик аларды ушул жылы жыйынтыктоо ниетинде.   Андан тышкары, Көк-Арт ашуусунда  узундугу… Кененирээк…

Бишкек шаардык кеңеш шайлоолоруна катышууга арыздар 1-мартка чейин кабыл алынат

Бишкек шаардык кеңеш шайлоолоруна катышууга арыздар 1-мартка чейин кабыл алынат. Бул тууралуу ордо калаа шайлоо комиссиясынын жетекчиси Кайрат Маматов билдирди.   Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата 14 саясий уюмдан арыз келип түштү. Эске салсак, Бишкек жана Ош шаардык кеңештери 45 мандаттан турат. Шайлоолор патиялык система… Кененирээк…

«Манас» аэропортунун мурдагы жетекчиси Мурат Примбердиев кармалды

«Манас» эл аралык аэропортунун башкаруу кеңешинин мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматында ал «Манас Менеджмент Компани» ишканасынын айланасындагы жемкорлук схемасына байланыштуу камакка алынды.   Примбердиев Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-пункту («Коррупция») боюнча айыпталууда. Ал Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча… Кененирээк…