Ошто 21-мартта 2 тонна сүмөлөк кайнатылат

Ошто 21-мартта 2 тонна сүмөлөк кайнатылат. Novosti.kgге мэриядан билдиришкендей, Нооруз майрамы түштүк калаада быйыл өзгөчө оюн-зоок менен коштолуп, борбордук аянтты курчаган имараттар толугу менен жасалгаланат.   Майрамдык салтанатты уюштурууга 1 миллион сомдон ашык бөлүндү. Иш-чара кечкисин шоу-концерт менен жыйынтыкталат.

Ордо калаанын айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт

Ордо калаанын айрым аймактарында эртең электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Чүй, Манас проспектилеринде, Тоголок Молдо, Рыскулов, Орозбеков, Исанов, Курманжан Датка, Салиева көчөлөрүндө жана Арча-Бешик, Ак-Тилек конуштарында жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө дале күчүндө

Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө дале күчүндө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, трассанын 198-255-чакырымдарында кардын калыңдыгы    10 сантиметрге жетти жана ал токтобой жаап жатат. Жеринде жолчулар иштеп, жолду кардан арылтып, техникалык туз себилүүдө.   Кырсыктарды алдын алуу максатында… Кененирээк…

Кыргызстанда дары-дармектин 2-3 айга жете турган запасы бар

Кыргызстанда дары-дармектин 2-3 айга жете турган запасы бар. Бул тууралуу Дары-дармек менен камсыздоо  департаментинин башчысы Нурдин Кагаздиев билдирди.   Анын айтымында, өлкөдө жетишсиздикти алдын алуу үчүн өтө зарыл препараттарды каттоосу жок Кыргызстанга алып келүү боюнча долбоор даярдалды. Учурда ал макулдашууда. Доллардын куну кескин өсүп кеткендиктен,… Кененирээк…

Криштиану Роналду расмий беттештердеги голдор боюнча рекорд орнотту

Криштиану Роналду расмий беттештердеги голдор боюнча рекорд орнотту. “Манчестер Юнайтеддин” чабуулчусу АПЛдин 29-турунун алкагында “Тоттенхэм” менен беттеште хет-трик жасады. Эми анын жеке эсебиндеги голдордун саны 807ге жетти.   Бул футбол тарыхындагы абсолюттук рекорд. Буга чейинки эң мыкты көрсөткүч Австриянын оюнчусу Йозеф Бицанга таандык болчу –… Кененирээк…

Бишкекте Садыбакасов көчөсү оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте Садыбакасов көчөсү оңдоо иштерине жабылат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, калыбына келтирүү жумуштары 17-мартта башталат. Көчөнүн Эр-Тайлак – Абдрахманов тилкеси оңдолот.   Альтернативалык вариант катары Чортеков көчөсү сунушталат. Белгилеп кетсек, учурда ордо калаада кытайлык гранттын эсебинен көчө тармактарын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Россиянын башкы авиакомпаниясы бүгүнтөн тарта Кыргызстанга каттамдарын жандантты

Россиянын башкы авиакомпаниясы бүгүнтөн тарта Кыргызстанга каттамдарын жандантты. Москва – Бишкек багыты боюнча каттам “Манас” аэропортуна бүгүн учуп келет, — дешти Унаа жана жолдор министрлигинен.   Эске салсак, авиакомпания 8-мартта эл аралык каттамдарын толугу менен токтоткон. Андан улам, учуу билеттеринин баасы кескин кымбаттап кеткен.

Россия буга чейин доллар менен түзүлгөн келишимдерди кайра карап чыгып, рублга которууга даяр

Россия буга чейин доллар менен түзүлгөн келишимдерди кайра карап чыгып, рублга которууга даяр. Бул тууралуу ишкерлер менен жолугушууда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.   Анын айтымында, бул мунай ташуучулар ассоциациясынын, дан корпорациясынын жана башка бирикмелердин жеткирүүлөрүн жеңилдетмек.   Акчабар агенттиги эске салгандай, кризиске… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы  50 пайызга көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы  50 пайызга көтөрүлөт. Буга Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ишендирди.   Анын айтымында, үй-бүлөлүк дарыгерлердин базалык маянасы 15 миң сомду түзүп калат. Ал эми медицина кызматкерлеринин минималдык айлыгы 11 миң сомдон кем болбойт, — деди министр.

Улуу Британиянын тургуну итине баалуу белек кылды

Улуу Британиянын тургуну итине баалуу белек кылды. Ал сүйүктүү жаныбары үчүн мойнуна таккан жипке баасы 600 миң доллардан ашкан бриллиант таштарды чаптатты.   Иттин аксессуарын 91 баалуу таш кооздойт. 4 жаштагы анлиялык шпиц тукумундагы ит бул таажыны майрамдарга гана киет. Жаныбары менен аялды дайыма жансакчылар… Кененирээк…