Бишкектеги Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы мэриянын балансына өттү

Бишкектеги Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы мындан ары мэриянын балансында болмокчу. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты. «Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жардамы менен аталган оорукана шаар балансына берилди. Ооруканада жалпы жонунан 72 орун бар, анын 21и реанимациялык койка. Мындан сырткары, ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография,… Кененирээк…

Ташкент-Бишкек багыты боюнча автобустук каттам бүгүнтөн  тарта кое берилет

Ташкент-Бишкек багыты боюнча автобустук каттам бүгүнтөн  тарта кое берилет. Бул тууралуу маалымат Өзбекстан ордо калаасынын автобекетинин сайтында пайда болду.   Каттам эки күндө бир, кечки саат 6да жана 7де аткарылат. Билет баасы дээрлик 2 миң сомду түзөт. Эске салсак, Кыргызстан жана Өзбекстанды байланыштырган автобустук каттам… Кененирээк…

Кыргызстан электр энергиясын коңшу мамлекеттерден импорттоону улантат

Кыргызстан электр энергиясын коңшу мамлекеттерден импорттоону улантат. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.   Анын айтымында, соңку жылы энерго кризистен улам, өлкө Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алууга аргасыз болду.   Эгер мындай чара кабыл алынбаса, Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун… Кененирээк…

Улуттук банк виртуалдык активдер боюнча айрым маалыматтарга ишенбөөгө чакырды

Улуттук банк адамдарды виртуалдык активдерге жамынып алып, “коин”, “криптовалюта”, “криптомонета”, “криптоактив” сөздөрдү колдонуп, айрым активдерди сатып жаткан шылуундардан сак болууга чакырды.   Мекеме, анда финансы пирамидасынын белгилери катылган алдамчы схемалар бар экенин, алар ушундай жол менен кишилердин акчасын алып коёрун эскертти. Өлкөнүн негизги банкы алдамчылар Интернетте, айрым… Кененирээк…

“Тазалык” ишканасында каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкек мэриясы “Тазалык” муниципалдык ишканасында бир катар каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, Эсеп палатасы жана мэриянын Ички аудит башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө ишкананын 2019-2020-жылдардагы ишинде мыйзам бузуулар аныкталган.   Бул убакыт аралыгында “Тазалыкты” Рысбек Сарпашев жетектеген.   Бишкек шаардык… Кененирээк…

Бишкекте алдыдагы жекшембиде 2 көчө убактылуу жабылат

Бишкекте алдыдагы жекшембиде 2 көчө убактылуу жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, бул күнү дуатлон боюнча мелдештер өтөт.   Таңкы саат 7ден 12.30га чейин Масалиев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки тилкесинде жана Токтоналиев көчөсүнүн Безымянная-Масалиев бөлүгүндө кыймыл чектелет. Айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.

Калкты тейлөө борборлору 9 күн иштебейт

Калкты тейлөө борборлору 9 күн иштебейт. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен эскертишкендей, борборлор ишин 10-майда жандантат. Министрлик алдыдагы дем алыш күндөрүн, документтердин даярдоо мөөнөтүн эске алуу менен даяр документтерди алуу жана документ алууга арыз тапшыруу маселелерин алдын ала кароону өтүнөт.   Эске салсак, министрлер кабинетинин чечими менен… Кененирээк…

Садыр Жапаров “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына кол койду

Садыр Жапаров “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына кол койду. Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана коррупцияны жокко чыгарууга багытталган.   Алсак, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун, анын ичинде алардын… Кененирээк…

Чек ара чырында жараат алгандардын бири Ош шаарына которулду

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы 12-апрелдеги чыр-чатакта жараат алган аскер кызматкери Ош шаарындагы аскер госпиталына которулганын билдирди. Анын абалы орточо оор деп бааланууда. Маалыматта жараат алган отуз жаштагы дагы бир тургундун Раззаков шаарындагы ооруканада дарыланып жатканы айтылат. Анын абалы да орточо оор, жакында операция… Кененирээк…

Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын үч пайызын түздү

Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын үч пайызын түздү. Жылдын биринчи кварталынын маалыматтарын Эмгек министрлиги жарыялады. Мекеме өлкөдөгү жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Баткен жана Жалал-Абад облустарында байкалганын белгиледи. Эң төмөнү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда. Жалпысынан жылдын биринчи үч айынын жыйынтыгы боюнча ишке орноштуруу кызматтарында… Кененирээк…