Эртең Бишкектин айрым аймагы жарыксыз калат

Эртең Бишкектин айрым аймагы жарыксыз калат. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин электр энергиясы Бөкөнбаев, Логвиненко, Лев Толстой, Раззаков, Жумабек, Бейшеналиева көчөлөрүндө, Ак-Босого, Ала-Арча, Ынтымак, Арча-Бешик конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкек мектептерине 1-класстарды кабыл алуу үчүн электрондук кезек 15-февралда ачылат

Бишкек мектептерине 1-класстарды кабыл алуу үчүн электрондук кезек 15-февралда ачылат. Бизге мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Балдары быйыл   1-класска бара турган ата-энелер mektep.edu.gov.kg порталында каттоодон өтүшү керек.   Бул үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, өзүнүн паспорту, жашаган жеринен маалымкат керектелет. Каттоодон өткөндөн кийин электрондук почтаны улам… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин профилдик комитети Улукбек Мариповдун талапкерлигин жана өкмөттүн жаңы курамын жактырды

Жогорку Кеңештин профилдик комитети Улукбек Мариповдун талапкерлигин жана өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Депутаттар бир добуштан өзгөртүүлөргө колдоо көрсөтүштү.  Марипов башында турган өкмөттүн 16 мүчөсү болот.   Жаңы курамда мурдагы алты кызмат жоюлат.  Тагыраагы, үч вице-премьер жоюлуп, айрым министрлик, агенттик, комитеттер бириктирилет.   Өкмөттүн курамы эртең  парламенттин… Кененирээк…

Конституциянын жаңы долбоору парламентке жиберилди

Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип жазылган Баш мыйзамдын жаңы долбоору 2-февралда Жогорку Кеңешке жиберилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди. Анын айтымында, эки айдан ашуун иштеген кеңешме ишин аяктады.   Аталган кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 27-январда кабыл алган.   Анда президенттин ыйгарым… Кененирээк…

Сооронбай Жээнбеков жубайы менен Кыргызстандан чыгып кетти

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти. Кабарды анын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады. Билдирүүгө караганда, ал «Манас» аэропорту аркылуу Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткен.   «Экс-президент умрага Мекке шаарына барат. Жубайы экөө бүгүн эртең менен учуп кетишти», — деди Стамалиева. Маалыматка караганда, Жээнбеков ал жакка… Кененирээк…

Ордо калаанын коомдук транспорту кайрадан санитардык нормалардын сакталышына текшерилип жатат

  Ордо калаанын коомдук транспорту кайрадан санитардык нормалардын сакталышына текшерилип жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, автобус, троллейбус жана маршруттук таксилердин ички абалы, аларда санитайзерлердин бар-жоктугу жана беткап режиминин сакталышы текшерилүүдө.   Тартип бузгандарга эскертүү берилет. Эгер бузуулар кайра кайталанса, административдик протоколдор түзүлөт.

Бишкектин Чокан Валиханов көчөсүндө жайгашкан калкты тейлөө борбору жана Унаа тейлөө борбору убактылуу иштебейт

Бишкектин Чокан Валиханов көчөсүндө жайгашкан калкты тейлөө борбору жана Унаа тейлөө борбору убактылуу иштебейт.   Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, бүгүн борборлор жайгашкан ири соода аймагында өрт чыкты.   Андан улам, электр энергиясы өчүрүлдү. Борборлордун мүлкү, архивдер жана документтер жабыркаган жок. Алар качан ишин жандантат азырынча… Кененирээк…

Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина Улуу Британиядан жеткирилет

Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина Улуу Британиядан жеткирилет. Препарат өлкөгө марттын башында келет, — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев.   Ал тактагандай, алгачкы этапта 504 миң доза вакцина келе турган болду. Белгилеп кетсек, буга чейин вакцина Кыргызстанга акысыз вакцина сунуштаган, бирок аны… Кененирээк…

Адамдан амал качып кутулбайт

Адамдан амал качып кутулбайт. 4 эркек аэропорттон ашыкча жүк үчүн акча төлөөдөн качып, 30 килограмм апельсин жешти. Бул үчүн аларга 30 мүнөткө жетпеген убакыт талап кылынды.   Кытайдын Куньмин провинциясына командировкага барган 4 эркек чоң жашик апельсин сатып алышкан, бирок аэропорттон ал үчүн 300 юань… Кененирээк…

Тоолуу аймактарда кар күчкү түшүү коркунучу сакталууда

Тоолуу аймактарда кар күчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жаан-чачынга байланыштуу, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жана Красна Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда кар массалары күрткүлөр пайда болуп, жол тоңушу мүмкүн.   Андыктан, аталган каттамдар менен сапарга чыга турган айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500… Кененирээк…