Бишкекте  коомдук унаалардагы санитардык эрежелерди сактоо күчөтүлдү

Бишкекте  коомдук унаалардагы санитардык эрежелерди сактоо күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда санитардык текшерүүлөр күн сайын жүргүзүлүп турат.   Талапка ылайык, айдоочулар милдеттүү түрдө беткап кийишет, ал эми беткапсыз жүргүнчүлөр айдоочулардан 2 сомдон маска сатып алса болот.

Айсулуу Тыныбекова төртүнчү ирет Азия чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова төртүнчү ирет Азия чемпиону болду. Мелдеш ушул тапта Алматы шаарында өтүп жатат. Биринчиликте Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмакта таймашка чыгып, финалда монголиялык Болортуей Хурелхууну   11:0 эсебинде жеңип, алтын медаль алды.   Финалга чейин Тыныбекова төрт беттеш өткөрүп, Индиядан, Казакстандан, Түштүк Кореядан жана Өзбекстандын… Кененирээк…

Эсептөө палатасынын төрагасы болуп Алмазбек Акматов дайындалды

Эсептөө палатасынын төрагасы болуп Алмазбек Акматов дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.   Белгилей кетсек, буга чейин Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын аудитору кызматын аркалап келген.

Кыргызстандын АКШдагы ыйгарымдуу элчиси болуп Бактыбек Аманбаев дайындалды

Кыргызстандын АКШдагы ыйгарымдуу элчиси болуп Бактыбек Аманбаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Аманбаев 2013-15-жылдары Кыргызстандын акыйкатчысы болуп иштеген.   2020- жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин февралга чейин өкмөт аппаратын жетектеген. Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен АКШдагы буга чейинки элчи Болот Отунбаев… Кененирээк…

Түркмөнстанда алабай тукумундагы иттердин ээлерине азык-түлүк берилет

Эми Түркмөнстандын Мары шаарында алабай тукумундагы иттердин ээлерине азык-түлүк берилет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, алабай тукумундагы иттин ээлери айына 7 килограммдан ун алышы керек, анын килограммы 1 манаттан (24 сом 20 тыйын). Бул үчүн алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Босого жана Арча-Бешик конуштарына канализация курууга сынак жарыяланды

Бишкектин Ак-Босого жана Арча-Бешик конуштарына канализация тартуу үчүн инженердик тармактарды курууга сынак жарыяланды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен маалымдашты. Маалыматка ылайык, Ак-Босого конушунда Архитектор көчөсүндө Чүй-15 көчөсүнөн жаңы конуштун батыш тарабынын аягына чейин канализация тартуу пландалууда. Жумуштун сметалык баасы 387 миң сомду түзөт. «Арча-Бешик конушунда асфальт… Кененирээк…

Ош облусунун Маданият айылындагы мектептин курулушу 90 пайызга аяктады

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Маданият айылындагы №42 мектептин курулушунун бүткөрүлүшү 90 пайызга аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, имараттын курулушу 2020-жылдын январь айында башталган, мектеп 225 окуучулук орунга эсептелген. «Бүгүнкү күндө подряддык уюм… Кененирээк…