Кыргызстанда кышкысын электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт

Кыргызстанда кышкысын электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт. 24 агенттигине Улуттук энерго холдингдин башчысынын орун басары Абдылда Исраилов ишендиргендей, учурда Токтогул суу сактагычында 15 миллиарддан ашык кубометр суу топтолду.   Андан тышкары, Казакстандан 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын жеткирүү макулдашуусу жетишилген. Пландалгандай, бул күзгү-кышкы сезонду… Кененирээк…

“Walt Disney” компаниясы 28 миңден ашык жумушчуну кыскартууга аргасыз

Пандемиядан улам АКШдагы “Walt Disney” компаниясы 28 миңден ашык жумушчуну кыскартууга аргасыз. Буга чейин компаниянын Калифорниядагы көңүл ачуу борборлору, парктары пандемиядан улам алты айга жабылган.   Белгилеп кетсек, “Walt Disney” компаниясынын Кытайдагы, Франциядагы, Япониядагы жана Флоридадагы көңүл ачуу борборлору ачылганы менен кардарлардын санына чектөө киргизилген.

Талас облусунун тургундары адамдын боюна тете балык кармашты

Талас облусунун тургундары адамдын боюна тете балык кармашты. Анын салмагы 35 килограммды түзөт. Мындай ири балыкты Чоң-Капка капчыгайындагы Талас дарыясында кармоого мүмкүн болду.   Кызыгы, аны балыкчылар өз колдору менен эле суудан чыгара алышты.

“Бишкексвет” ишканасы ордо калаанын 664 көчөсүн жарыктандырды

“Бишкексвет” ишканасы ордо калаанын 664 көчөсүн жарыктандырды. Мэриядан билдиришкендей, муниципалдык ишкана 8 ай ичинде көчө жарыгын жаңыртуу боюнча 1 жылдык планды ишке ашырды.   Бул өздүк цехти ачуу менен мүмкүн болду. Анда 2 миң бетонн негиздери жана торшер мамылары өндүрүлдү.

Бишкекте инфекциялык оорукананын курулушу кечигүү менен жүрүп жатат

Бишкекте инфекциялык оорукананын курулушу кечигүү менен жүрүп жатат. Өкмөттөн белгилешкендей, жасалып жаткан иштердин сапатына дагы нааразылыктар бар.   Премьер-министр Кубатбек Боронов аткаруучу компанияга тез арада кемчиликтерди жоюп, графикке ылайык иш жүргүзүүнү тапшырды. Ал эми аймактардагы медициналык жайлар тууралуу айта турган болсок, Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында,… Кененирээк…

Кытайдын Шэньчжен шаары асман тиреген үйлөрүнүн саны боюнча Нью-Йоркту артта калтырды

Кытайдын Шэньчжен шаары асман тиреген үйлөрүнүн саны боюнча Нью-Йоркту артта калтырды. 40 жыл мурун балык уулоо үчүн ыңгайлуу болгон кичинекей шаарча болгон Шэньчженде учурда 289 небоскреб бар.   Алардын бийиктиги эң аз дегенде 150 метрди түзөт. Ал эми Американын эң ири шаары Нью-Йоркто алардын саны… Кененирээк…

Пандемия Кыргызстандын туризм тармагына чоң зыян тийгизди

Пандемия Кыргызстандын туризм тармагына чоң зыян тийгизди. Бул тууралуу Туризм ассоциациясынын башчысы Эрмек Мырзабеков билдирди. Анын айтымында, бул тармакта эмгектенгендердин дээрлик 90 пайызы жумушсуз калды. 20 пайыз туристтик фирмалар ишкердүүлүгүн өзгөртүүгө аргасыз болду.   Туристтик бизнес пандемияга чейинки көрсөткүчүнө 2-3 жылдан кийин гана келе алат.… Кененирээк…

Улуттук банк бул айда америкалык валютанын кунун туруктуу сактоо үчүн 65 миллион 400 миң доллар сарптады

Улуттук банк бул айда америкалык валютанын кунун туруктуу сактоо үчүн 65 миллион 400 миң доллар сарптады. Кечээ өлкөнүн башкы каржы мекемеси дагы бир интервенция өткөрүп, 27 миллион 950 миң доллар сатты. Бул эл аралык валютага төтүнчү ирет чыгуу болду.   Интервенциялар азырынча жыйынтык бере элек.… Кененирээк…

Экономика министрлиги көмүрдүн баасын мамлекет тарабынан жөнгө салууну киргизүүнү сунуштады

Экономика министрлиги көмүрдүн баасын мамлекет тарабынан жөнгө салууну киргизүүнү сунуштады. Ведомстводон белгилешкендей, карантин жарандандардын каржылык абалына залал келтиргендиктен, мындай чара жакшы кабыл алынат.   Андан тышкары, жыл сайын монополдукка каршы агенттик көмүр кендерине бирдиктүү баа орнотуп келгени менен, кара отун жарандарга жеткенче эле кымбаттап жатат.… Кененирээк…

Бишкекте №19 орто мектепте кошумча корпустун курулушу уланууда

Бишкекте №19 орто мектепте кошумча корпустун курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы имарат 198 окуучуга чакталган. Анда бий залы, окуу класстары, класстан тышкаркы окуулар үчүн бөлмөлөр жана китепкана орун алат.   Мэриядан белгилешкендей, №19 мектеп сейсмологиялык аймакта жайгашкандыктан, корпус жер титирөөгө туруктуу кылып салынып жатат.… Кененирээк…