Россия жарандыгын алуу жеңилдейт

Россия жарандыгын алуу жеңилдейт. Федерация кеңеши аталган процедураны жеңилдетүү мыйзамын колдоду. Бул үчүн эми чет элдик жарандыктан баш тартуу милдеттүү болбойт. СССРде жана анын курамында болгон өлкөлөрдө төрөлүп, бирок ал жактын жарандыгын ала электерге да жеңилдик каралган. Арыз тапшырып жана мыйзамдуу киреше булагын тастыктаганга чейин… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 506га жетти

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 506га жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирет. Анын айтымыда, бүгүн СOVID-19 инфекциясы дагы 17 кишиден аныкталды. Жаңы катталгандардан бешөө — Ош облусунда, бирөө — Ош шаарында, он бири — Ат-Башы районунда. Белгилеп кетсек, вирустан 16… Кененирээк…

Кыргызстанда орозо 24-апрелде башталат

Кыргызстанда орозо 24-апрелде башталат. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы билдирет. Көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө жылышы мүмкүн. Белгилеп кетсек, коронавирус коркунучунан улам 17-марттан тартып өлкөдө жума намазын мечиттерде жамаат менен окууга тыюу салынган.

АКШ Кыргызстанга КОВИД-19 менен күрөшүүгө 900 миң долларлык жардам көрсөтөт

АКШ Кыргызстанга КОВИД-19 менен күрөшүүгө 900 миң долларлык жардам көрсөтөт. Өлкөнүн Мамлекеттик департаменти пандемиядан жабыр тарткан мамлекеттерге колдоо көрсөтүү үчүн 508 миллион доллар бөлдү. Каражатты мурдагы Советтер Союзуна мүчө болгон өлкөлөр да алат. Анда Кыргызстандан тышкары, Беларус, Украина, Грузия, Армения, Азербайжан жана Казакстан бар.

Коронавирусту дарылоо иштерине тартылган медицина кызматкерлерине дагы 132 миллион сом жумшалат

Коронавирусту дарылоо иштерине тартылган медицина кызматкерлерине дагы 132 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди. Анын айтымында, аталган сумма медицина кызматкерлеринин апрелдеги айлыгына кошумча каражат катары өз убагында берилет. Эске салсак, бул максатта өткөн айда 38 миллион сом бөлүнүп берилген. Кыргызстанда коронавирус 489… Кененирээк…

Коронавирус жуктуруп алган №17чи бейтапкананын төрт медицина кызматкери ооруканага жаткырылды

Коронавирус жуктуруп алган №17чи бейтапкананын төрт медицина кызматкери ооруканага жаткырылды. Республикалык штабдан билдиришкендей, аталган Үй-бүлөлүк медицина борборунда дезинфекциялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Санитардык тазалоо иштери аяктаганга чейин, №17и бейтапканада каттоодо турган жарандар Ленин районунун бириктирилген Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрыла алышат.