ЖАМУну бүтүргөн 82 студент жасалма документ менен диплом алган

Жалал-Абад мамлекеттик университетин бүтүргөн 82 студент жасалма документтер аркылуу диплом алганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан ЖАМУга текшерүү жүргүзүлүп, өкмөт токтому менен бекитилген “Кыргызстандын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар… Кененирээк…

Кытай өзүнүн космостук туризм программасын ишке киргизүүнү пландаштырууда

Кытай өзүнүн космостук туризм программасын ишке киргизүүнү пландаштырууда. Учуунун баасы 430 миң долларга жетиши мүмкүн. Алгачкы “саякатчыларды” үч жылдан кийин жөнөтүү пландалып жатат. Эксперттер Кытайдагы космостук тармак жыл сайын өсүш көрсөтүп жатканын белгилешет. Анткен менен коммерциялык ишканалар дагы эле “аккумуляция” стадиясында жана алардын масштабы салыштырмалуу… Кененирээк…

Кыргызстанда COVID-19 вакцинасынын төртүнчү дозасын алууга болот

Кыргызстанда COVID-19 вакцинасынын төртүнчү дозасын алууга болот. Саламаттык сактоо министрлигинен такташкандай, бул мындан төрт-алты ай мурун бустер алгандар үчүн керек. Мекеме белгиленгендей, эмдөөдөн бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан өтүү мүмкүн. Бүгүнкү күндө өлкөдө Sinopharm жана Pfizer вакциналары бар.

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 40 миллион доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн Кыргызстанга 40 миллион доллар бөлөт. Анын бир бөлүгү насыя, калганы гранттык негизде берилет. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, илимий багыттарга – математика жана инженерияга басым жасалат. Мындан тышкары, Кыргыз билим берүү академиясынын потенциалын жогорулатуу, заманбап жабдууларды алуу жана… Кененирээк…

Кыргызстан Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялашы мүмкүн

Кыргызстан Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялашы мүмкүн. Мыйзам долбоору Юстиция министрлиги тарабынан демилгеленген. Документте бул эл аралык укуктун механизмдери аркылуу мамлекеттин жана жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл деп айтылат. Ошондой эле документти ратификациялоо Кыргызстанды тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу идеяларынын жактоочусу… Кененирээк…

«Унаа» мекемесинде сынак тапшырууда мыйзамсыз аракеттер аныкталды

Бишкекте «Унаа» мекемесинде сынак тапшырууда мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, президенттин «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгынын алкагында Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси ишмердүүлүгүн улантууда. Жогоруда аталган жарлыкты ишке ашыруунун жүрүшүндө «Унаа»… Кененирээк…

Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара боюнча биргелешкен протоколго кол койду

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен протоколго кол коюшту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Документ мамлекеттик чек аралардын айрым тилкелери боюнча жаңы келишимди макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет. Белгилеп кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын… Кененирээк…

Кыргызстандын футболчулары Россия менен кайрадан оюн өткөрөт

Кийинки жылы Москвада Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Россиянын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинин жетекчиси Медербек Сыдыков билдирди. Ал эки кураманын жооптук беттешин өткөрүү боюнча оозеки макулдашуу бар экендигин айтты. Эске салсак, 24-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын футболчулары менен Россиянын командасы жолдоштук… Кененирээк…

Оштогу Ак-Буура дарыясындагы суу убактылуу токтотулат

Бүгүн кечки саат 8ге чейин Оштогу Ак-Буура дарыясындагы суу убактылуу токтотулат. Мындан улам, ичүүчү суу кечки саат 6дан эртең, 27-сентябрь таңкы саат 7ге чейин өчүрүлөт. Novosti.kgге Ош шаардык мэриясынан такташкандай, мунун себеби аталган дарыядагы пландык ондоп-түзөө иштерине байланыштуу. Өчүрүү калаанын Юго-Восток, ХБК, Калинин жана Достук… Кененирээк…

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстан спорттун 11 түрү боюнча катышат

Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстан спорттун 11 түрү боюнча катышат. Дене тарбия жана спорт департаментинен такташкандай, анын ичинен көк бөрү жана алыш бел боо күрөшү расмий түрдө киргизилген. Мындан сырткары, оюндун программасында татар күраш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар… Кененирээк…