Япония 11-октябрдан тарта өлкөгө кирүүгө коюлган чектөөлөрдүн көбүн алып салат

Япония 11-октябрдан тарта өлкөгө кирүүгө коюлган чектөөлөрдүн көбүн алып салат. Анын ичинде келген туристтердин санына квота жокко чыгарылып, өз алдынча сапарларга уруксат берилет. Визасыз режим 2020-жылдын мартына чейин кайрылган өлкөлөр менен жанданат. Ошол эле учурда саякатчылар 72 саат мурун жасалган эмдөө сертификатын же ПЦР тестин… Кененирээк…

Бишкек – Ош жолунда кар көчкүгө каршы галереянын курулушу аяктап калды

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүгө каршы галереянын курулушу аяктап калды. Кышкысын коопсуз өтүү үчүн коридордун узундугу 460 метр, туурасы 7 метр болот деп күтүлүүдө. Объектти жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалып жатат. Жумуш аяктагандан кийин бир жылдын ичинде тейлөөнүн кепилдик мөөнөтү ишке ашырылат.… Кененирээк…

Баткен облусунда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери уланууда

Баткен облусунда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери уланууда. Улуттук энергохолдингдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 500гө жакын үйдүн электр энергиясы өчүрүлгөн. Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам 20дан ашык линия үзүлгөн. Жалпысынан Баткен жана Лейлек райондорунда 39 калктуу конуш электр жарыгысыз калган.

Бишкекте талаптарга жооп бербеген жарнамаларды алуу уланууда

Бишкекте талаптарга жооп бербеген жарнамаларды алуу уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Токтогул көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Манас проспектине чейинки бөлүгүндө жарнамаларды алуу иштери жүргүзүлүп, 32 жарнамалык штендер, 37 жарнамалык пано, 43 жарнамалык баннер алынды. Белгилеп кетсек, «КР мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын талаптарына жооп… Кененирээк…

Ош шаарында жаңы санитардык полигон курулат

Ош шаарында жаңы санитардык полигон курулат. Бул тууралуу жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын пландалган аянты 24 гектарды түзөт. Жумуш Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Ал эми азыр иштеп жаткан полигон европалык стандартка рекультивацияланат жана андан кийин ал жабылат.

Канада 1-октябрдан тарта ковид чектөөлөрүн алып салат

Канада 1-октябрдан тарта өлкөгө кирүүгө байланыштуу коронавирустук чектөөлөрдү алып салат. Ага ылайык, туристтер тест тапшырбайт, карантинге жана изоляцияга алынбайт. Поезддерде жана учактарда беткап режими да жокко чыгарылат. Учурда Канадага кирүү толук же жарым-жартылай эмделгендер үчүн жеткиликтүү.

Баткенде келтирилген зыянды 30дан ашык тергөө тобу тактап жатат

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салуудан жабыркаган, талкаланып-өрттөлгөн үйлөрдү, имараттарды 30дан ашык тергөө тобу тактап жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, чыгымдарды эсептөө жана сапаттуу иликтөө жүргүзүүнү тиешелүү мамлекеттик мекеме-органдардын өкүлдөрү аткарууда. Чек ара тилкелеринде милициянын атайын күндүзгү жана түнкү кайгуул топтору… Кененирээк…

Бишкекте мейманканаларга суроо-талап кескин өстү

Бишкекте мейманканаларга суроо-талап кескин өстү. Novosti.kgнин сурамжылоосуна ылайык, ордо калаадагы мейманкана, конок үйү жана хостелдер бир нече күнгө чейин брондолуп, бош орундар дээрлик жок. Адистер мындай абалды россиялыктардын биздин өлкөгө массалык келишине байланыштырып жатат. Эске салсак, 2020-жылдын март айынан бери пандемиядан улам мейманкана тармагында иш… Кененирээк…

Соңку бир жумада Кыргызстанда Россиянын 4 миң 260тай жараны каттоодон өттү

Соңку бир жумада Кыргызстанда Россиянын 4 миң 260тай жараны каттоодон өттү. Novosti.kgге Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинен такташкандай, былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде Россиянын 3 миң 140тан ашык жараны каттоого алынган. Ал эми 2022-жылдын сегиз айында Кыргызстанда Россиянын 170 миңдей жараны катталган. Бул… Кененирээк…

Бишкекте ижарага батир табуу дээрлик мүмкүн болбой калды

Бишкекте ижарага батир табуу дээрлик мүмкүн болбой калды. Ордо калаадагы кыймылсыз мүлк агенттиктеринин маалыматына караганда, учурда бош турак жай жок. Риэлторлордун айтымында, бул россиялыктардын агымы менен байланыштуу. Батир ээлери ижара баасын да кескин көтөрүштү. Алсак, сентябрдын ортосунда Бишкекте бир бөлмөлүү батир айына 300 долларга ижарага… Кененирээк…