Диетологдор эртең менен туура тамактанам дегендер эмнелерди жеши керектигин айтып беришти

Диетологдор эртең менен туура тамактанам дегендер эмнелерди жеши керектигин айтып беришти. Эртең мененки тамакта колдон келсе белокко жана майга бай жумуртка, авокадо, Омега-3 май кислотасына бай лосось болушу керек. Ал эми түштөнүү менен кечки тамактын жарымы жашылча менен көк чөптөн турушу зарыл. Шам-шум эте калганда… Кененирээк…

Өзбекстанда өзгөчө музоо жарыкка келди

Өзбекстанда өзгөчө музоо жарыкка келди. Жергиликтүү басылмалар билдиришкендей, Самарканд облусундагы «Курпа» айылында, фермердин үйүндө жонуна канат өсүп калгандай уйдун музоосу туулду. Үй жаныбарынын ээси божомолдогондой, уй эгиз торпок туушу керек болчу. Бирок айрым мүчүлүштүктөрдөн улам түйүлдүк туура эмес өрчүп калган.

Европа лигасынын жарым чейрек финалындагы алгачкы оюндар 11-мартта башталат

Европа лигасынын жарым чейрек финалындагы алгачкы оюндар 11-мартта башталат. Жооп берүү беттештери 18-мартта болот. Championat басылмасы билдиргендей, анда Динамо, Милан, Тоттенхэм Хотспур, Манчестер Юнайтед, Арсенал жана башкалар болуп, жалпысынан 16 команда ойнойт. Эске салсак, былтыр Европа лигасын «Севилья» клубу жеңип алган. Анда курама жыйынтыктоочу беттеште… Кененирээк…

Россия Кыргызстанга көрсөтө турган жардамдын дагы бир түрү белгилүү болду

Россия Кыргызстанга көрсөтө турган жардамдын дагы бир түрү белгилүү болду. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдиргендей, биздин өлкөгө 100 өрт өчүрүүчү техника жана тик учак жөнөтүлөт. Жардам кайтарымсыз негизде берилет. Андан тышкары, эки өлкө өкүлдөрү ортосунда кыргызстандык курсанттар Россияда бекер окутулуп, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча… Кененирээк…

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы 500 миң доза вакцина берет

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы 500 миң доза вакцина берет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Тиешелүү макулдашуу эки өлкө министрлери ортосунда жетишилди. Бейшеналиевдин айтымында, “Спутник V” вакцинасын алып келүү боюнча маселе чечилди, эми препарат этабы менен Кыргызстанга жеткирилет. Ошондой эле… Кененирээк…

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар 1-мартта ачылбайт

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар 1-мартта ачылбайт. Вице-мэр Айжан Чыныбаева билдиргендей, калаа бийлиги мекемелерди ачууга даяр, бирок акыркы чечимди чыгаруучу республикалык штаб уруксаат берген жок. Талап боюнча балдар шахматтык негизде отургузулуп, бир катар эрежелер сакталышы керек. Бирок мектептерде балдар жыш жайгашкандыктан норманы толук сактоо мүмкүн… Кененирээк…