Жыл сайын Ноорузга карата өтө турган көк-бөрү турнири өткөрүлбөйт

Жыл сайын Ноорузга карата өтө турган көк-бөрү турнири өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, чечим коронавирус кооптуулугунан улам кабыл алынды.   Буга байланыштуу 9-10-мартка белгиленген Алыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Ал эми жыл сайын Нооруз майрамында боло турчу… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргызстандыктарды тойлорду өткөрүүдөн баш тартууга чакырат

  Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргызстандыктарды тойлорду өткөрүүдөн баш тартууга чакырат. Ведомство жетекчисинин орун басары Төлө Исаков билдиргендей, тойлорго тыюу салынбайт, бирок көп элди бир жерге чогултуу сунушталбайт.   Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык массалык иш-чараларды өткөрбөй турууну чакырат, аларга – форумдар, семинарлар жана спорттук мелдештер дагы… Кененирээк…

Улуттук филармония карантинге жабылды

Коронавирус илдетине байланыштуу Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы карантинге жабылды. Бул маалыматты филармониянын көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтов ырастады. Ага ылайык, пландалган бардык иш-чаралар токтотулду.   Анын сөзүнө караганда, тиешелүү чечимди өкмөт кабыл алган. Иш кайра качан жанданары белгисиз. Ал эми алдыда болчу концерттерге билет алгандардын… Кененирээк…

Үч судья мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти

Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробекова, Ош шаардык сотунун судьясы Адинахан Кадырова жана Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Сергей Кузьменко өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулду.   Тиешелүү жарлыкка 6-мартта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын маалыматык саясат бөлүмү билдирди.

Кытайдын тургуну коронавирустан коргонуу чараларын көрүп, аша чаап алды

Кытайдын тургуну коронавирустан коргонуу чараларын көрүп, аша чаап алды. Аял акчаны дезинфекциядан өткөрүү максатында 430 долларды микро толкундуу мешке салып койгон. Купюралар дароо эле күйүп кетти.   Бактыга жараша, алардын сериляык номурлары жабыркаган эмес. Андыктан, банктан акчаны алмаштырып беришти.

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу майда башталат

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу майда башталат. Бул тууралуу novosti.kgге Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда аткаруучу компания бардык уруксаат берүүчү документтерди алып жатат. Долбоор ушул жылдын октябрына чейин толугу менен ишке кирет. Эске салсак, экинчи… Кененирээк…

Кыргызстандын 54 айдоочусу Ирандын аймагында

Кыргызстандын 54 айдоочусу Ирандын аймагында. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди. Анын айтымында, алар Азербайжан менен Түркмөнстан коронавирустун айынан чек араларын жаап салгандыктан, Ирандан чыга албай калышты.   Учурда ведомство жарандарды мекенине кайтаруунун ар кандай жолдорун карап жатат. Социалдык тармактарда тараган… Кененирээк…

Кыргызстанга Түштүк Кореядан 21 жаран келди

Кыргызстанга Түштүк Кореядан 21 жаран келди. Алар 2 жумалык карантинге алынды, — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Маалыматка ылайык, 5-мартта Сеул-Алмата каттамы менен 197 адам келди, анын 21 кыргызстандыктар.   Абалдары канааттандыраарлык. Белгилеп кетсек, Түштүк Кореяда 6 миң 300 адам коронавирусту жуктуруп алганы айтылууда.

Мамлекеттик каттоо кызматына чет элдик паспортторду тез арада тапшыруу буйругу берилди

Мамлекеттик каттоо кызматына чет элдик паспортторду тез арада тапшыруу буйругу берилди. Өкмөттүн бул тапшырмасы Кыргызстанга ID-карта менен кирүүгө чектөө киргизилгенине байланыштуу.   Бул өлкөгө жарандар кайсы мамлекеттерден келгенин билүү үчүн керек. Ал эми жалпы жарандык паспорту жоктор атайын  кабинкадан текшерүүдөн өткөрүлөт. Ошондой эле, авикомпаниялар менен… Кененирээк…

Кыргызстанга вирусту аныктоочу тест-системалар жеткирилди

Кыргызстанга вирусту аныктоочу тест-системалар жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 2 миң 500 Россиядан, 100 даана Түркиядан жана 1 миң тест-система Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан алынды.   Медициналык жардам көрсөтүү үчүн 500 миңге жакын беткап, 4 миң 300 коргоочу костюм даярдалды. Вирусту алдын алуу үчүн базарларда… Кененирээк…